super.kg logo

MegaCom: «Окуучу» акысыз интернет топтому – бул үйдөн чыкпастан эле билим алуу жана бош убакытты кызыктуу өткөрүү

 

Эртеңден баштап, тактап айтканда, 8-апрелден тарта орто мектептерде IV чейрек башталат. Бул чейректе окуу программасын үйрөтүү кадимки сабактардан айырмаланат. Өлкөбүздө жарыяланган өзгөчө абалга байланыштуу 1-класстан 11-класска чейинки бардык мектеп окуучулары аралыктан (дистанттык) билим алуу формасында окуй башташат.

Ушуга байланыштуу MegaCom мектеп окуучулары үчүн мыкты сунушту – «Окуучу» акысыз кошумча топтомун ишке киргизди. Өлкөбүздүн мектеп окуучулары бул топтомду кошуп алуу менен, MEGA24 тиркемесиндеги «Мектеп» бөлүмүндө жайгаштырылган билим берүү мүнөзүндөгү онлайн-ресурстарды акысыз колдоно алышат! Бул бөлүмдө КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин контенти гана эмес, MegaCom компаниясы тарабынан топтолгон электрондук китептер, видеосабактар жана башка атайын окуу материалдары да бар жана алардын бардыгы аралыктан билим алуу үчүн ыңгайлуу. MEGA24 тиркемесин Google Play жана App Store аркылуу жүктөп алууга болот.

«Окуучу» топтому өз ичине төмөндөгүлөрдү камтыйт:

  • Баланста акча каражаты жок болгон учурда түйүн ичинде акысыз чалуулар;
  • КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин бардык ресурстарына акысыз жеткиликтүү алуу (oku.edu.gov.kg, lib.kg, kitep.edu.gov.kg, okuma.kg, moodle.inai.kg, ibilim.kg);
  • Google Classroom сервисине ( Google тарабынан билим алуу үчүн атайын иштелип чыккан) акысыз жеткиликтүү;
  • MEGA24 тиркемесине жана анын ичинде жайгаштырылган билим берүү контентине акысыз жеткиликтүү.

Эртеңки келечек ээлери болгон жаштарыбыз таланттуу жана заман талабына ылайык ар тараптуу өнүгүүгө умтулуп келишет. Өкмөтүбүз тарабынан киргизилген чектөөлөргө байланыштуу миңдеген жаштарыбыз үйдөн чыкпастан, көп убактысын интернет айдыңында өткөрүүдө. Уюлдук оператор мектеп окуучуларынын каалоолорун жана мүдөөлөрүн эске алуу менен, карантин маалында бош убактыларын кызыктуу өткөрүүсүнө ыңгайлуу шарт түзүп берди. Эми алар окуудан тышкары болгон учурларда сүйүктүү оюндарына жана тиркемелерине акысыз кире алышат.

Карантин маалында балдар үчүн төмөнкү сервистер АКЫСЫЗ:

  • Чектөөсүз WhatsApp,
  • Чектөөсүз Instagram,
  • Чектөөсүз TikTok;
  • Мобилдик оюндарга чектөөсүз трафик:

o PUBG Mobile;

o Garena FreeFire;

o BrawlStars;

o World of Tanks Blitz;

o Dota 2 Underlods;

o Clash of Clans.

«Окуучу» топтомун кантип кошуп алууга болот?

Акысыз топтомду кошуп алууда MegaCom SIM-картасынын болгондугу жетиштүү жана телефон номерин класс жетекчиге жөнөтүп коюу керек. Курч эпидемиологиялык кырдаалга жана көчөгө чыгууга коюлган чектөөлөргө байланыштуу, компания убактылуу бардык окуучуларга SIM-карталарды жеткирип бере албайт. Бирок кам санабай эле коюңуз! SIM-карталар Сизге жакын жайгашкан азык-түлүк дүкөндөрүндө, дүкөнчөлөрдө жана MegaCom Сатуу жана тейлөө борборлорунда бар.

Эскертүү: Чет өлкөлөрдун байланыш операторлорунун тажрыйбасы көрсөткөндөй, азыркы муундагы уюлдук операторлор массалык онлайн-сабактарды өткөрүүгө жана ири масштабдагы видеоконференцбайланышты колдонууга даяр эмес. MegaCom компаниясы аралыктан окутуу үчүн WhatsApp мессенжерин колдонууну сунуштайт. Анын башкы артыкчылыгы – бардык мугалимдердин жана окуучулардын аны колдоно билгендигинде. Атайын даярдыгы бар класстар Google Classroom сервисин колдонсо болот. Аталган сервис колдонуу ыкмасын туура өздөштүрүп алгандар үчүн абдан натыйжалуу. MEGA24 тиркемеси мугалимдин сунуштамасы боюнча тандалган видеосабактарды, электрондук китептерди жана башка окуу материалдарды окуучунун өз алдынча үйрөнүүсү үчүн ыңгайлуу.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
07.04.2020. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билип бериниздерчи. Окуучулар га ссылкаларды болушконбуз. Ушуга туташуу үчүн бирок туташа албай атабыз деп атышат. Же эртенден баштап иштейби
07.04.2020. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кээ бир айылтарда мегаком жеткиликтуу эмес. Алар кантип окушат. Кээ бирлеринин телефон сатып алууга мумкунчулугу жок алар кантет. Интернеттин ылдамдыгы жайлап калсо кантебиз. Бул турган иш. Абоннеттер канчалык коп кирген сайын, ошончолук интернеттин ылдамдыгы жайлап калат. Бул учурларда кантип видео сабак отушот. Кыскасы чала иштелип чыгып калды. Алдыда далай тушунуксуз жагдайлар кутуп турат Суроо коп, бирок жооп жок.
sinej түзөттү 2020-04-07 21:40:17
08.04.2020. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошка мега иштебейт тариф
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: