super.kg logo

Карантин бүтөөрү менен кайсы жакка барасыз? Бишкектен алыс эмес жерде жайгашкан кереметтүү кооз жерлер

 

Үйдө жатып карантиндин канчанчы күнү башыбыздан өтүп жатканын деле унутуп калгандайбыз. Албетте, көпчүлүгүбуз жумушка барбасак күндү, саатты деле билбей калчудайбыз. Айрымдарга карантинде жатып убакыт тез өтүп жаткандай сезилсе, кээ бири таң атырса кечти киргизе албай убара. Бирок карантин ар бир адамга өзүнө жаккан иш менен алектенип, артка кылчайып жыйынтык чыгарып, алдыга көптөгөн жаңы максаттарды койгонго шарт түзүп берди.

Жолду тооруган бул оору өлкөбүздөн узап, ооругандар сакайып, кайрадан бейпил турмуш орногон маалда алгач эле каякка барууну көздөп жатасыз? Эгерде ойлоно элек болсоңуз борборубуз Бишкек шаарынан анча алыс эмес жайгашкан кереметтүү, көз жоосун алган кооз жерлердин топтомун сизге сунуштайбыз.

Көл-Төр

Кегети капчыгайында жайгашкан бул кереметтүү көл деӊиз деӊгээлинен 2 миң 730 метр бийиктикте, мөңгүлөргө жакын жайгашкан. Көк-жашыл түстөгү көлдү көрүш үчүн жыл сайын дүйнөнүн чар тарабынан туристтер келет. Ички туризмдин өнүгүшү менен жергиликтүүлөр да бул жакка көп келе баштаган. Көлгө жетиш үчүн 8 чакырымды басып өткөнгө туура келет. Кандайдыр бир себептерден улам баскыңыз келбесе, ижарага ат алып аны минип чыксаңыз да болот.

Көл-Төргө барып келүү үчүн орто эсеп менен миң сомго жакын акчаңыз кетет. Бул акчанын ичине барып келишиңиз жана тамак-ашыңыз кирет. Азыркы тапта каалоочуларды алып барып келген атайын тур компаниялар бар, алардын алган акысы ар кандай. Сиз болсо карап көрүп, өзүңүзгө эң ыңгайлуусун тандап алыңыз. Тоо койнунда сизди күтүп турган сулуулукту көргөндө жолдо болгон бардык кыйынчылыктарды унутуп каласыз.

"Ала-Арча" улуттук жаратылыш сейил багы

Сейил бак мамлекет тарабынан коргоого алынган аймак. Кыргыз Ала-Тоосунун эң бийик борбордук бөлүгүнөн башталып, түндүк тарапты карай созулуп жаткан Ала-Арча капчыгайын ээлейт. Бишкек шаарынан 35 чакырым алыстыктагы түштүк тарапта. Аянты 19,4 миң гектар. Деңиз деңгээлинен 1 миң 600-4 миң 200 метр бийиктикте жайгашкан. Орточо бийиктиги 3 миң 300 метр.

Сейил бакты уюштурууга чейин капчыгай аркылуу Суусамыр жайлоосуна мал айдалчу жол өткөндүгүнө жана анда шаар калкынын чар жайыт эс алгандыгына байланыштуу жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсү бир кыйла өзгөргөн. Азыркы тапта сейил бак коргоого алынгандыктан, эс алуу үчүн атайын шарттар да түзүлгөн.

Сокулук (Белогорка) капчыгайы

Бишкектен 80 чакырым алыс. Капчыгайга жетүү үчүн Сокулук айылына чейин барып, чиркөөнүн жанынан тоо тарапка бет аласыз. Капчыгайга чейинки жол 1 жарым саат убакытты алат. Капчыгайда бадал, долоно, кожогат, түркүн гүл жыш өсөт, бүтүндөй гүлзар талааларын көрө аласыз. Белогоркада эң чоң шаркыратмалардын бири жайгашкан, анын бийиктиги – 60 метр. Ал жер аябагандай суук, ага карабай, туристтер анын түбүндө отуруп тамактанганды жакшы көрүшөт.

Чуңкурчак капчыгайы

Бишкектен 45 чакырым алыстыкта жайгашкан. Арашан айылына кирип, Татыр айылына чейин жетесиз кыйма-чийме жолго жете бербей оң жактан эс алуу базасына карай бурулсаңыз, капчыгайга чыгасыз. Капчыгайдын аймагында улуттук биокорук жайгашкан. Бул жерде жоогазын абдан көп өсөт. Капчыгайдын ичинде бийиктиги 40 метрлик "Көгүчкөн" шаркыратмасы бар. Үй-бүлө, достор менен келип эс алуу үчүн эң мыкты жай.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(11)
07.04.2020. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай буюрса эсен аман чыгып алсак ушул балекеттен Сокулук айылындагы белогоркага барып эс алып келиш керек экен
07.04.2020. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Карантин бүтсө буюрса тоого кетем,тоого чуркагым келди аябай көп баскым келди.Бук болдум уйдо,айрыкча эркектерге жаман экен камалган.
07.04.2020. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайда бармак элек баягы эле жумушка барабызда
07.04.2020. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудайм насип етсин жакшы кундорду кыргыз елине бул апаат жок болуп кетсе кыргызстанда ес ала турган жерлер толтра
07.04.2020. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эшик элике кенири чыгып, ээн эркин басып жургон кунго жеткирсе, ошол деле бизге чоон бакыт го дейм
07.04.2020. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыздын жери керемет
07.04.2020. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер молодцы. Жакшы жерлерди коргозуптурсунор. Вирус эми жашоодо адамдардын ан сезимин башка жакка озгортту.
07.04.2020. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тоого чыгып аябай кыйкырып бугуму чыгаргым келип жатат
07.04.2020. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Төрт дубалда, забордо камалып отургандарга сабыр! Кудайга шүгүр айылдагылар огород менен алаксып.
07.04.2020. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Вирустан кутулсак, баягы мурдагыдай жашоого кайтаар бекенбиз, же дагы эле бир бирибизден шекшип жүрөбүзбү ээ
08.04.2020. 08:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шаардагылар өкүнүп жатышат,айылга кетип калбай деп айылда кенен кесири Эле жүрүшөт адамдар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: