super.kg logo

Жардамынан жарыясы көп! "Муктажды сүрөткө тартып, жардам бердим деп жарыялоо туурабы?". Муфтияттан жооп

 

"Сооп алуу үчүн", "Кудайдын ыраазычылыгы үчүн жардам берип жатам". Мына ушундай билдирүүлөр жазылат жардам берген тараптын жарыялаган сүрөт же видеосуна. Көп учурда сүрөттө жардам алган адам колуна жардамга берилген азык-түлүктөрдү кармап, кээде жанында баласы, айрым учурда толук үй-бүлөсү жана жашаган турмуш тиричилигинин абалы көрсөтүлөт.

Интернет айдыңында жардам берген адамды алкап, мактап комментарийлер жазылат. Албетте, бул анын демине дем, күчүнө күч кошот. Жардам берүү - адамдын жүрөгүн жеңилдетет, тазартат. Ошол эле учурда "турмушум оор, ушинтип жардам алдым" деген сүрөтү элге тарап жаткан адамда кандай сезимдер болот? Сиздин пикириңиз кандай окурман?

Коомчулукта кайрымдуу адамдардын көп экендиги кубандырарлык көрүнүш экенин да белгилөө керек. Мындан тышкары муктаждардын жүзүн көрсөтпөй же таптакыр көмүскөдө жардам берип жаткандар да четтен чыгат.

"Соопчулук үчүн жардам бердим деп, аны жар салгандарга сооп жазылабы? Шариятта бул кандай каралат?" деген суроо менен биз Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына кайрылдык. Муфтияттын Фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы уулу төмөндөгүдөй жооп берди.

"Муктаж болгон кедей-кембагалдарга жардам берүү, албетте, сооп иш, сооп ишти башкалар көрсүн дебей кылганы жакшы. Бирок муну башка жактан да кароо керек - биринчиден отчёт иретинде, экинчиден, башкаларга да шык берели деген ой менен жарыялашы мүмкүн. Ар бир учурда жардам бергендерден, уюштуруучулардан кандай ниетте сүрөтүн жарыялап жатканы такталып жазылса жакшы.

Эгерде өзүмдүн кадырымды көтөрөйүн, бирөө мени мактасын, эл таанысын деген ой менен жардам берип, муктажды буга пайдаланып, аны жарыялап жаткан болсо бир Кудайга таандык, ал сооп алабы же жокпу?

Пайгамбарыбыз айткан хадистер бар, "Бир колуң бергенди экинчи колуң билбей калсын" деген мааниде айтылат. Мунун мааниси сенин кимдир бирөөгө жардам берип жатканың ушунчалык жашыруун болсун деген да.

Азыр заманбап жашоодо отчёттуулук үчүн сүрөт, видеолор керек болуп жатса жардам алган тарап менен кеңешип, алардын маанайын түшүрүп, көңүлүн чөгөрбөй турган жолдорду тандаш керек. Эгер алар жарыялоого макул болбосо толук маалыматты бербей, өздөрү көрүнбөй турган жагдайда сүрөткө тартышса болот. Себеби уруксат сурабай жарыяласа, нааразы болгондор да чыгат. Колдон келишинче кайрымдуулук кылгандар муктаждардын беттерин көргөзбөгөнү туура болот", - деди Токтогазы уулу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(9)
07.04.2020. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Азыркы ырчылардын социалдык тармактагы комментарийине кирсең эле "Жөн отурбай кедей-кембагал, жетим-жесирлерге жардам берсең боло" деп жазган адамдар бар, ал эми жөн отурбай, аларга жардам берип, видео-фото отчет жасап интернетке салса да жазып чыгышат, "көргөзбөй кылбайсыңбы кайрымдуу иштериңди" деп.
07.04.2020. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Муфтиятта канчалаган сабатсыз молдолор журушот. Мындай суроону молдолорго эмес, ар турдуу адистерге узатыш керек. Адамдар бир эле молдолордун оозун карап олтура берген туура эмес. Молдонун кобу тилдин учу менен насаатчы болгондор. Мындай суроолорду мугалим, бизнесмен, врач, милицияларга, психологторго эмне учун узатпайсынар. Жардам берсе нормально бериш керек. Анан бир тал ширеңке берип коюп, аны бир ай мактанбай.
Kairat1996 түзөттү 2020-04-07 19:36:02
07.04.2020. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Kairat1996,Көбүнчө "сооп алалы, Аллах үчүн жардам бердим" деп жазышат. Ошол үчүн Муфтиятка кайрылдык. Сунушуңузду да эске алдык.
08.04.2020. 08:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kairat1996,азыркы тапта ошо молдолорун кайрымдуулукту коп жасап жатышат.
07.04.2020. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Келгиле бироого жардам кылсак Аллах ыраазы болсун деп эмес, эн биринчи адамдар ыраазы болсун учун жасайлык. Адам кыйналып жатса, ага биринчи кезекте адамдар жардамга келет. Ал эми жардам кылуу маданиятын мектептен баштап уйротуу керек. Ал учун чыныгы билимдуу адистер айтыш керек. Калп эле тилдин учу менен Аллах ыраазы болсун дегендер микроптон коп.
erlan2196 түзөттү 2020-04-07 19:54:27
07.04.2020. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
erlan2196,Аллах ар бир пенденин мейли мусулман мейли каапыр мейли негр мейли белый болсун ар бир күндүн ырыскысын унутпастан берет, бул бир. Ошондой эле ар бир пендени өлүмдүн кенжеси болгон уйкудан тургузат. Кээ бирине өлүм периштесин жиберип уйкудан турбай калат. Ооз көптүрүп тантырактап сүйлөй бербе. Аллах колу бутуңду шал кылып сынап койсо намаз окуганга да чаман келбей калат. Андан көрө шүгүр кыл аман эсен ырыскынды жеп жүргөнүңө.
07.04.2020. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ар бир адам озу аракет кылып оокат кылганды уйронуш керек. Сыйынсан аллах озу бере берет, байлар жардам бериш керек деген коомду тарбиялабаш керек. Анда баары мечиттен чыкпай калышат же уйлорунда жата беришет. Чыныгы жакырчылык ошондо келет бизге. Кытай, Германия, Корея Япондорду карап коргуло. Жакшы жашоонун булагы - бул билим жана эмгек экенин далилдеп олтурушат.
sinej түзөттү 2020-04-07 20:44:58
07.04.2020. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Намаз окуп жатып селфи, орозо кармап селфи, хаджга барып селфи, 100сом берип селфи... Кимге көрсөткүбуз келет? Көрчү кудай селфиден көрбөйт!
07.04.2020. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
TIMON_BERKOWITZ,
Бизде азыр бир молдо же ажыкебиз дин жонундо кооз суйлоп койсо, же кочодо бара жатып намаз окуп койсо, видеого тарта коюшуп, аны баары ыйык тута калышып, кайра кайра ар кимге видеосун жонотуп башташат. Ушундайды токтотсок.
sinej түзөттү 2020-04-07 21:49:08
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: