Ысык-Көл. "Кумтөрдөн" 3 миллион доллар талап кылды" деп айыпталып жаткан Эрмек Жунушбаев "биз жөнүндө көрсөтүлгөн видео монтаждалган" дейт

"Кумтөрдөн" 3 миллион доллар талап кылды" деп айыпталып жаткан Эрмек Жунушбаев "биз жөнүндө көрсөтүлгөн видео монтаждалган" деп билдирди. Айтымында, бул сүйлөшүүлөр бурмаланып берилүүдө. “Бактияр Курманов экөөбүз "Кумтөрдүн" өкүлдөрү менен жолукканыбыз чындык. Бирок анда такыр башка темада сүйлөшүп, башка маселелерди талкуулаганбыз. Телеканалдардан көрсөтүлүп, интернет сайттарга тарап жаткан видео монтаждалган",- дейт ал. Бул боюнча бүгүн Жети-Өгүздүн Кызыл-Суу айылында атайын жыйын болот. "Жыйында аталган иштердин баары талкууланат",- деп кошумчалады Э.Жунушбаев.
Кумтөрдөн 3 000 000 доллар талап кылышканбы?
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

