Ленин РИИБинин жетекчиси Мадияр Кулуевдин жумуштан бошотулуусунун себеби айтылды

Ленин РИИБинин жетекчиси Мадияр Кулуев кызматтык милдеттерин так аткарбай, одоно тартип бузууга жол бергендиги үчүн кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык комендатуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
"2020-жылдын 24-мартынан тартып Бишкек шаары, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу (Ош облусу) жана Сузак (Жалал-Абад) районуна өзгөчө абал режими киргизилген. Бардык бийлик органдары жана жарандар тарабынан коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү учурунда өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарбагандыгы, жеке курамды көзөмөлсүз калтыргандыгы, Бишкек шаарынын комендатурасынын башчысынын буйруктарын аткарбагандыгы жана укук коргоо органдарынын дисциплинардык уставын бузгандыгы үчүн 7-апрелде Ленин РИИБинин жетекчиси, милициянын полковниги Мадияр Кулуев Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиевдин буйругу менен кызмат ордунан бошотулду", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, Ленин РИИБинин жетекчиси Мадияр Кулуев жумуштан бошотулуусу тууралуу өзү да эмне болгонун түшүнбөй калганын SUPER.KG порталына билдирген.

