super.kg logo

"Гуманитардык жардамга берилген ундан курт чыгууда". Буга өкмөт эмне дейт?

 

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратылган ундун сапаты текшерүүдөн өтүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Өкмөткө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларындагы ундун сапаты байма-бай текшерилип турат. Даяр продукцияны сактоо эрежелери бардык талаптарга жооп берет.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө кайтарымсыз гуманитардык жардам иретинде таратылган ундан курт чыккандыгы тууралуу маалымат чыккан. Жардамга муктаждарга таратуу үчүн ун Бишкек шаарына «Кант-Дан-Азык» акционердик коомунун жана Кара-Балта шаарында жайгашкан «Дан» мамлекеттик ишканасынын кампаларынан алып келинген. Аталган комбинаттарда I жана II сорттогу даяр ун атайын текшерилди. Натыйжада №56 электен өткөрүлгөн ундан эч кандай курт чыккан эмес. Эки ишканада тең продукциянын сапаты үзгүлтүксүз текшерилип турат. Ал эми социалдык тармактарда тараган видеодо көрсөтүлгөн ундан чыккан курт ундун курту эмес. Бул мөмө-жемиш бактарында болуучу курт-кумурсканын түрү болуп саналат", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(5)
07.04.2020. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эми четинде жыйылып турган мешок тийип калгандыр. Балким ачык кылып калганда кирип кеткендир. Унда Курт болсо, мешоктору тешилип калмак
07.04.2020. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бекер берсе да жон жебей наалыгыла. Бизге тамак аш ун турмак, ошол курттаган ун да жок. Эч ким эч нерсе бербей эле шаардын четинде отурабыз айла жок
07.04.2020. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Элге бекер берседа жакпайт, тартып интернетке чыгарбай курт чыккан болгондо да керек эмес болсо берип койгула башка уну жокторго элеп жей берет.Неге алдың жакпаса
07.04.2020. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушундайда жаманды жашырып, жакшыны ашырып биргеликте бул кырдаалдан чыгып кетиш деген жок экен да. Бекер берип жатса, чайыңдын түзү кем экен дегенсиптир го.
07.04.2020. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Белекке келген аттын азуусун карабайт ХХХХ .
Модератор admin_portal түзөттү 2020-04-08 16:48:11
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: