Англияда коронавирустан каза болгондордун саны бир суткада 2 эсеге өстү

Англияда коронавирустан каза болгондордун саны бир суткада эки эсеге өстү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги тараткан маалыматка таянып жазып чыгышты.
6-апрелге караган түнү Англияда 437 адам вирустан каза болсо, 7-апрелге карата алардын саны 2 эсеге өстү, тагыраагы, 854 адам болду. Акыркы маалыматтарга ылайык, Англияда жалпысынан 6 227 бейтап коронавирустан көз жумган. Маркумдардын жаш курагы 23төн 102 жашка чейин болгон жана алардын тең жарымында өнөкөт оорулары бар экендиги аныкталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:59
2025-06-27
23:28
2025-06-26
Рейтинг:
0

Өткөндө ушул Англиянын окумуштуулары эксперимент жүргүзгөнгө акча берип элди чакырып атышпады беле, вирусту жуктуруп, кайра айыктырганга. Ана эми ошо окумуштуулары каалашыларынча эксперимент жүргүзө беришсин