super.kg logo

Казакстанда беш кабаттуу үйдүн чатырын шамал учуруп кетти

 

Катуу шамал Казакстандын Көкшетау шаарында бүгүн, 7-апрелде болгон. Жергиликтүү маалымат булактарынын Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар комитетине таянып жазган маалыматына ылайык, кырсыктан жабыркагандар жана каза болгондор жок.

Шамалдын ылдамдыгы секундасына 28 метрге жеткен. Өз кезинде ӨККнын кызматкерлери жарандарды этият болууга чакырган. Жарнамалык щиттерге жакын барбоо, үйлөрдүн дубалына жакын турбоого, электр зымдарына жакындабоону эскертүүдө. Шамал учуруп кеткен чатырдын жалпы аянты 700 чарчы метрди түзөт, тиешелүү кызматтар курулуш иштери текшериле турганын билдиришкен.

Ал эми Информбюро.кз сайты Акмола обулусунда катуу шамалдан имараттын чатыры учуп, ал бир адамдын өмүрүн алганын жазды. Ага ылайык, Бурабай районундагы Урумкай айылында да имараттын чатырын шамал учуруп, ал 40 жаштагы адамдын үстүнө түшкөн. Жаракат алган адам каза болуп калганын аталган басылма Өзгөчө кырдаалдар комитетинин билдирүүсүнө таянып жазды.

Көшетау акимиаты шаардагы төрт үйдүн, 2 административдик борбордун имаратынын чатырын шамал учуруп кеткенин билдирген.






Казакстанда 5 кабаттуу үйдүн чатырын шамал учуруп кетти

Казакстанда 5 кабаттуу үйдүн чатырын шамал учуруп кетти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
07.04.2020. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чатырды шамал учуруп атса тарткан аял беймарал сүйлөп атат го.
08.04.2020. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kennedy, аял учуралбай журсо керек да.
08.04.2020. 08:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казактарда үйдө болуңуз деген тема жокпу? Тем более шамал болот деп алдыртадан айтылса, угушпаса өзүлөрү күнөөлү да, бир эмес двойной эскертүү кетип атат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: