super.kg logo

Беларуста дарыгерлер коронавирустан коркуп, массалык түрдө өргүүгө чыгып же жумуштан кетип жатышат

 

Беларуста дарыгерлер жана медициналык кызматкерлер коронавирус эпидемиясынан коркуп, массалык түрдө эмгек өргүүгө чыгып же жумуштан кетип баштады. Бул тууралуу «Подъём» басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Минск жана Витебск шаарындагы ооруканалардын кызматкерлери алардын клиникалары эки тараптуу пневмониянын "кызыктай" түрү менен ооруган бейтаптарга толгонун айтышкан. "Биз эмне болуп жатканын түшүнүп жатабыз да. Ал тууралуу айтууга болбойт. Анткени Витебск клиникалык ооруканасынын дарыгери кырдаал тууралуу айтып коюп, прокуратура ары-бери көпкө сүйрөдү. Бизде ооруканада пенсия курагында иштегендер бар. Алар алгач пландуу өргүүгө арыз жазып, андан ары төлөнбөгөн өргүүгө чыгуу тууралуу арыз жазып жатышат", - деген врач.

Анын айтымында, "өргүүгө чыгам, болбосо жумуштан кетем" деп коркуткан дарыгерлер абдан көп.

Ал эми Минск шаарында иштеген дарыгер да акысыз өргүүгө арыз жазганын билдирген. "Мен азырынча арызга кол коюшабы, ошону күтүп жатам. Жумушту жоготуп алуудан коркпойм. Дарыгерлер бардык жерде керек. Мен шарт болсо иштегенден баш тартпайм. Бизде, мисалы, учурда бейтап эч кандай шарты жок тери-венерологиялык бөлүмдө жатат. Бул кооптуу көрүнүш", - деген дарыгер.

Буга чейин Беларусь дарыгерлери бет кап, респиратор, антисептик жетишсиздигине арызданышкан жана бийлик оорулуулардын санын жашырып жатат деп нааразы болушкан. Акыркы маалыматтарга ылайык, Беларуста 861 адам коронавирус жуктурганы аныкталып, анын 13ү каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
07.04.2020. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Корона вирус корона вирус плюс корона вирус сен жөнүндө уга берип абдан түшүнүксүз же мен түш көрүп жатамбы
08.04.2020. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Беларуся айлык маянасы азго ошон учун. Бирок мындай учурда мындай кадамга барган элин сатып кеткени менен барабар болот.
08.04.2020. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Белорусиянын бийлиги бул ооруну тоготпогондой мамиле кылып жатпайбы, деги Италиядагыдан жаман болбосо экен, күчөтүп ийишип
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: