super.kg logo

"Ухан вирусу": Каза болгондордун саны 80 миңден ашып, анын 18 миңге жакыны Италияда катталды

 

8-апрелге карата дүйнө жүзүндө "Ухан вирусу" менен жабыркагандардын саны 1 миллион 428 миң 428 болду. Айыккандардын саны - 300 миң 198, каза болгондор - 82 миң 20.

Коронавирус тездик менен жайылып жаткан АКШда 398 миң 185 жаран жабыркап жатат. 21 миң 849 жаран илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 12 миң 844 адам каза болду.

Испания вирусту жуктургандардын саны боюнча экинчи орунга чыкты. Анда бул өлкөнүн 141 миң 942 жараны вирусту жуктурганы аныкталды. 43 миң 208 жаран оорудан арылса, 14 миң 45 адам каза болду.

Ал эми Италияда 135 миң 586 адам вирус жуктуруп, анын 24 миң 392си айыгып, ооруканадан чыгарылган. 17 миң 127 жаран вирустан көз жумду.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.04.2020. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкасанар бут эле сегиз го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: