super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Олагыш айылына кытайлар эски шахтаны иштеткени келишиптир, буга эл каршы" дейт окурман

 

Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Үч Коргон айыл өкмөтүнүн Олагыш айылында кытайлар эски шахтаны иштеткени келишкенин айтып, жергиликтүү тургун "Элдик кабар" бөлүмүнө кайрылды.

Айтымында, кытайлар кенди иштеткени келишкен жана эл бул тууралуу кабардар болгон эмес.

"Олагыш айылына кытайлар эски шахтаны иштеткени келишиптир. Башында 5 кытай дешкен, азыр 9 кытай жүрөт. Алар дагы канчага көбөйөт белгисиз. Айыл өкмөт менен айыл башчы элдин үнүн укпай жатат. Жергиликтүү эл ал жерде кытайлардын иштегенине жана шахтаны иштетем дегендерине караманча каршы. Патриот азаматтар, Олагыш элине жардамыңыздарды бериңиздер. Айыл өкмөт эл менен сүйлөшкөн эмес. Элге бир ооз айтып, түшүндүрбөстөн ушул курулушту башташыптыр. Бул жерде 3-4 адамдын эле кызыкчылыгы болуп жатат деп ойлойбуз", - деп билдирди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






"Олагыш айылына кытайлар эски шахтыны иштеткени келишиптир, буга эл каршы" дейт окурман

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(6)
08.04.2020. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Булар кайсы жактан өтүп жатат, ким билет?
Акмактар, элди тоноп бүткөнү калды!
08.04.2020. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
куугула Олагышчылар коркпогула коншу айылдар жардам беребиз
08.04.2020. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кытайдан башка эле Инвестор тапса болбойбу? Эмне мынча аты жаман Кытайларга жабышып алышкан эч тушунбойм Кыргыз окмотуно
08.04.2020. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Элди карантинге коюп Кытайларларды кайсы тешиктен апкелишти жеп жутарлар,эл билбей калат дегенго.Ошо шахтага элди иштетип уй булоосун бакканга азда болсо салымын кошушатго.




08.04.2020. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бештен белгилуу эле да аларды жон жарандар киргизмек беле. Биздин саналуу сатылган чондор киргизип, аларды коргоп атышат да долясын алгандай кийин. Озубуз камалып уйдо отурсак карантин деп, кытайлар кире алышпай эле аран турушат азыр.
08.04.2020. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ээ ,анан кантип оорудан айыгабыз. Бир жактан Эл кууса,бир жактан киргизе бересинер и??
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: