super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Карантин бүтсө ишибизди баштайбыз" дейт Кадамжайдагы шахтаны иштеткени келген жоопкерчилиги чектелген коомдун өкүлү

 

Буга чейин SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн Олагыш айылында кытайлар эски шахтыны иштеткени келишкенин айтып, жергиликтүү тургун кайрылган.

Бул боюнча Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн Олагыш айылынын башчысы Нуридин Аматовго байланышып, төмөнкүдөй жооп алдык.

"2018-жылы мамлекеттик кен байлык боюнча тендерден 46 гектар жерди "Табышкер" ЖЧКсы утуп алган экен. Биздин айылда союздан кийин иштетилбей турган эски шахта бар. Тендерден утуп алган кишилер бул жакка коронавирус баштала электе келишкен. Алар шахтаны тазалап, анализ кылып жатышкан. Тендерден утуп алган тараптын 5-6 кытай улутундагы адистери бар экен. Кытайлардын айтымы боюнча, алар 3-4 жылдан бери ал жакка барышкан эмес.

Бул кишилер Жалал-Абад, Ошто дагы шахта иштетишкени тууралуу кулагым чалды. Ал эми тендерди уткан адамдар кытай адиси болгондуктан, аларды кетирбей кармап жүрүшөт. Жергиликтүү эл Кытай басып кетти, кытайлар келди деп ызылдап жатышат. Алар чынында түшүнбөй жатышат . Бул биздин айылга келген инвестиция болуп саналат. Алар биздин айылга социалдык пакет берүү, жардам кылуу үчүн көмүр казууга аракет көрүп жатышат. Айыл өнүгүш керек да. Коронавирус чыккандан кийин булар кете албай калышты, иш токтоп эле турат. Алар убактылуу жашаганга турак куруп жатышат. Карантин бүткөндөн кийин гана келишимге келүү ойлорунда бар", - деди айыл башчы Нуридин Аматов.

Ал эми өзүн "Табышкер" ЖЧКнын өкүлүмүн деп тааныштырган Улукбек аттуу жаран буларга токтолду.

"Биз ал жерди мыйзамдуу негизде тендерден утуп алганбыз. Бул тууралуу бизде керектүү документтер колубузда бар. Ооба, Кытайдан келген адистер бар. Алар 1 жарым жылдан бери эч жакка кетпей, чогуу жүрүшөт. Калган 90 пайыз жумушчу ошол жердеги айылдын жашоочулары болот. Эми жумушту баштаганыбызда карантин башталып, жумушту токтотууга мажбур болдук. Ал эми жашоочулар эч нерсе дешпей эле, биз айылдын аксакалдары, жаштары менен жолугуп эле жумушту баштайлы дегенбиз. Жумушту баштай элекпиз болгону чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн гана барганбыз. Карантин бүтсө биз ишибизди баштайбыз", - деп билдирди ал.






"Олагыш айылына кытайлар эски шахтаны иштеткени келишиптир, буга эл каршы" дейт окурман

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
08.04.2020. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин чондор кытайларга эле адвокат
08.04.2020. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озбектер кыргызды атып олтурсо,кыргыз виноват,тажик бастырып кирсе кыргыз виноват причём биз сатып алган жер деп доказательство мн суйлошот. Ошондода силер аппаксынар эл жаман! Крны кытай басып атсада эл виноват!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: