super.kg logo

Жасалма өткөрмө кагазын колдонуп кармалган үч окуя катталды. Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын маалымат жыйыны (хронология)

 

Бүгүн, 8-апрелде Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча коменданты Жеңишбек Жоробеков маалымат жыйын берди.

Ал облуста абал туруктуу экенин билдирди.


Башынан / Аягынан Маанилүү

2020-04-08 13:38

"Урматтуу Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун тургундары, мыйзамды сактап, коомдук жайларга чыкпашыңыздарды суранабыз. Коменданттык саат башталган убакта үйүңүздөрдө болушуңуздарды суранабыз. Сиздер эрежелерди так аткарсаңыздар, биз бул кырдаалдан бат чыгаарыбызга ишенем", - деди Жоробеков

2020-04-08 13:33

Коменданттык саат кирген Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда 450 миңге чукул адам жашайт. 

2020-04-08 13:30

"Социалдык фонд тарабынан пенсия, айлык маяналар почта кызматкерлери аркылуу үйлөргө жеткирилип берилет. Эгер сиз карточка аркылуу алып жүрсөңүз анда Социалдык фондго арыз менен кайрылсаңыз болот" - деп айтты комендант

2020-04-08 13:26

"Бишкек шаары менен Жалал-Абад облусунун ортосундагы каттамдар токтотулган. Жүк ташуучу унаалар гана өткөрүлөт. Мүмкүн болсо каттабай турууңуздарды суранат элем. Көп тоскоолдуктарга дуушар болосуздар", - деп айтты комендант.

2020-04-08 13:20

Жалал-Абаддагы Спутник аймагындагы жарандар коменданттык саат эрежелерин сактабай жаткандыктан, аталган аймакта тартип күчөтүлөөрүн айтты Жеңишбек Жоробеков.

2020-04-08 13:15

Облус аймагында жасалма өткөрмө кагазын колдонуп кармалган үч окуя катталган

2020-04-08 13:14

"Жалпысынан облус аймагында абал туруктуу деп эсептейм" - деп билдирди Жоробеков.

 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.04.2020. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
акча жактан жардам бергиле жата беребиз чыкпай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: