super.kg logo

"33-апрель", "Каза болгондордун саны 24". Саламаттыкты сактоо министри бир аптада канча жолу жаңылды?

 

Сабиржан Абдикаримов саламаттыкты сактоо министри болуп 1-апрелде дайындалган. Ал күн сайын Өкмөт үйүндө онлайн маалымат жыйынында коронавирус боюнча соңку маалыматты берет. Бир апта аралыгында эле жаңы министр бир канча жолу адашып, туура эмес маалымат берип жатканы коомдо сын-пикир жаратууда.

Ошол эле учурда республикалык штаб да, министр да дайыма жарандарды фейк, жалган маалыматтарды таратпоого чакырып келишет.

Адегенде жаңы келген министр маалымат жыйын учурунда 33-апрель деп айтып алган. Министрдин бул сөзү социалдык тармактарда кызуу талкууланган. Айрымдар аны мыскылдашса, кээ бирлери жаңылбаган адам болбой турганын айтышкан. Бирок министр адашканын бул менен эле токтоткон жок. Ал ар бир маалымат жыйынында сандарды айтууда адашып жатты.

Кечээ күнү коронавирустан айыккандардын саны 33 деген маалымат берген. Бүгүн болсо бул маалыматты тактоо иретинде журналисттер "кечээ 33 адам дарыланып жатты дегенсиз, жалпы саны канча?" деп суроо беришти. Ал бүгүнкү күнү 25 адам айыкканын айтып, 10 бейтаптын чыгуусу күтүлүп жатканын билдирди. Деги эле айыккандардын санын министр соңку 2-3 күн бою адашып айтуу менен журналисттерди 10, 19, 23, 33 деп бир канча жолу кошо адаштырды.

Бир жагдайды эскерте кетүү керек: маалымат жыйындар онлайн форматта өтүп жатканы үчүн журналисттердин азыркы учурда маалыматты ошол жерден тактай калуу мүмкүнчүлүгү жок.

Бүгүн болсо министр элдин жүрөгүн түшүрүп коронавирустан 24 киши каза болгонун билдирди. Андан соң өкмөттүн басма сөз катчысы Чыңгыз Эсенгулов 4 адам каза болгонун тактап, абалды жайгарып кетти.

Сабиржан Абдикаримов жыйындын башында жалпы 270 адам коронавирус жуктуруп алды деп маалымат айтып, бир аздан кийин 170 киши деп билдирди.

Мындан тышкары бүгүнкү эле маалымат жыйында Абдикаримов Жалал-Абад шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасы убактылуу жабылганын билдирди. Бирок аталган оорукана эмес, Ош шаарындагы балдардын жугуштуу оорулар ооруканасы убактылуу жабылганы кийин такталды. Бул тууралуу билдирүүнү министрликтин басма сөз кызматынан "министр адашып алыптыр" деп таратышты.

Мындай жаңылуулардан улам коомчулукта "Министр дагы канчага чейин адашат болду экен? Министрликте анын ордуна чыгып маалымат берчү башка өкүл жокпу?" деген суроолор жаралууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(38)
08.04.2020. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Иштемек тугул маалымат бере албаса ужас го...
09.04.2020. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Nur777, Биз 33апрелди таппай жатабыз?
08.04.2020. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
бул дагы Дастан Арстисбековичтин шериги экен бул министр жонундо дагы ушак айындар журот жаш балдардын органдарын саткан деген шамал болбосо теректин учу кыймалдабайт деген соз бар беле
09.04.2020. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
murat17,Мен Джалалабаддан болом. Бул киши деген жаш балдарга СПИД жугузууга тиешеси бар киши. Дажалабадда жалан жаш балдарга. Шалаакылыктын айынан
xnurgul_gul түзөттү 2020-04-09 01:24:33
08.04.2020. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Мындай болсо соо адамды оорулуу кылгыдай го бул министриңер
08.04.2020. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бир, эки адашса мейли дейсин андан ары тантырай берсе кандай болот анан.24 адам олду дегени чон ката болуп атпайбы башкасын айтпаганда да. Же ошончо адам чын эле каза болуп, жашырып атабы? Анан чынын айтып салдыбы? Тушунбойсун эмне дегенин.
08.04.2020. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
algakaray,)))Ким билет дейсин...балким ачыгын айткандыр 24 адам олду деп.Балким анданда коптур...бизге ачык конкретно туз маалымат жетпейтда,жаап жашырганы 4 адам болуп жатат.
08.04.2020. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Талантбек Батыралиевди коюшса жакшы болмок!
08.04.2020. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Borkosh,мен дагы ошол кишини колдойт элем
08.04.2020. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Орун алмашканы менен сумма озгорбоптур
09.04.2020. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mamytovv_n,

Ушул сөздү көп жазам, комментарийлерге
08.04.2020. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
жашыраак кадрлардан коюш керек эле
08.04.2020. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
бул киши пенсияда дем алыш керек эле
08.04.2020. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Зоотехниктин командасы Натала менен отуз учторго ,куда соокторго толду го(((
08.04.2020. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Министир ар дайвм 100% грамм ичип чыгат окшойтта
08.04.2020. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Уят да.
08.04.2020. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Нормальный башы иштеген адам барбы биздин олкодо!!! Бут эле тупойлор чогулуп алган экенда!!! Жазылып турганды туура окуйалбаган ХХХХ!!!
Модератор admin_portal түзөттү 2020-04-09 14:19:18
08.04.2020. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн дейт. Тобоо тыңырак эле медикти отургузуп койбойбу. Бул минтип тантыраса эртең ,баарыбыз тантырап калбайбызбы.
08.04.2020. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
1-апрель жалганчы кун элего.
08.04.2020. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Деги чондорго жарыбадык
08.04.2020. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Дагы жаңылышыңыз сизге да п , бизге да п .КЫРГЫЗСТАНДА бир элита бар дейсинерби
08.04.2020. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул макаланы окуп бир кулуп алдым
08.04.2020. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт дешет. Бул министр сөздөн жаңылганы менен балким, иш үстүндө мыктыдыр. Аллахтан бул илдеттен батыраак кутулуп кетүү үчүн дуба кылып сурайлы.
09.04.2020. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Адашып журуп гангирап калбаса эле болду
09.04.2020. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай ичииим
09.04.2020. 07:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Койлор
09.04.2020. 07:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
33 апрель
09.04.2020. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маалыматты эмес комментарийлерди окуп кулдум го
09.04.2020. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Просто Соке озунон умныйларды кызматка койбойт турбайбы
09.04.2020. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба,ой jок екен да бул кишиде
09.04.2020. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай) капысынан балп этирип алып келип отургузуп койсо кутуусуздон анан жанылат саатачоственники (соотечественники)
09.04.2020. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Министр минтип адашып суйлой берсе, анда пацинттердин шору экенда. Башын ооруп барсан ичин ооруп атыптыр бул даарыны ич деп туура эмес диагноз койчудай эле экен
09.04.2020. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Министр, губернатор, депутаттары да озуно окшош куюп койгондой! Мал ээсин тартбаса арам олот
09.04.2020. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акаевдин учурунан бери кадр саясаты бузулган, мамлекеттик жумушка иштеш учун билим,жондомдуулук маанилуу болбой калган. Тааныш,тууганчылык,акча болсо болду кызмат сеники.Азыр жаштар дагы ушундай ойдо, окугандан коро тааныш издешет.Министрлерди канча жолу алмаштырсан деле ушул корунуш, баары окшош.Спикердин билими жок экен, башкасы эмне болуптур.Айылда деле билими жоктор (диплому бар) айыл башчы,айыл окмот,аким болуп журушпойбу.Ошондуктан олко жашоо денгели б-ча дуйнодо 146 орунда турт да.
09.04.2020. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне дейбиз....эч нерсе дебейбиз да.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: