super.kg logo

Ош облусу боюнча коменданттык сааттын талаптарын бузган 92 жаран кармалды (хронология)

 

Бүгүн, 8-апрелде Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов жана мэр Таалайбек Сарыбашов онлайн маалымат жыйын берүүдө.


Башынан / Аягынан Маанилүү

2020-04-08 12:45

"Социалдык тармакта ар ким кеңештерин берип жатат. Биз бир гана медицина кызматкерлеринин кеңешин угушубуз керек. Айрымдарды медициналык билими жок кеңеш бербөөгө чакырам", - дейт комендант.

2020-04-08 12:40

Сарыбашов Ош шаарынын мэриясы тарабынан медицина кызматкерлерине 5 тонна ун таратылганын айтты. "Аларга 28 автоунаа бекитип берилген. Ал эми укук коргоо органдарына 5 автобус каралган. Мындан сырткары Ош шаарына 2 600 кап ун гуманитардык жардам катары келген. Аларды аз камсыз болгон 605 үй-бүлөгө жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 395 адамга таратылып берилди. Ал эми жардам берүүнүн экинчи этабында 80 тонна ун чындап жардамга муктаж үй-бүлөлөргө таратылат", - деди ал.

2020-04-08 12:37

Ош шаарынын комендантына мас абалында кармалган судья тууралуу суроо берилди.

"Бүгүнкү күндө ал мыйзам алдында жоопко тартылат, кармалганда эле протокол тузүлүп, 17 миң сом айып салынган. Бул тууралуу маалыматты судьялар комиссиясына жөнөтөбүз", - дейт ал.

2020-04-08 12:30

"Атайын укук органдары менен биргеликте иш алып барып жатабыз. Бүгүнкү күндө 1 300 сомдон ундарды тараттык.100 тоннадан ашык ун запаста турат. Казакстан аркылуу 900 тонна буудай келип жатат. Ун боюнча кооптоно турган нерсе жок. Азык-түлүктүн запасы жетиштүү", - дейт мэр.

2020-04-08 12:23

Нурдинов билдиргендей, мас абалында унаа башкарып бара жаткан 2 жаранга 3 000 сомдон жана 17 500 сомдон айып пулдар салынды. "Учурда коомдук саясий абал туруктуу, комендатуранын көзөмөлүндө", - деди ал.

2020-04-08 12:19

"Ички иштер органынын кызматкерлерине шарт түзүлгөн. Ош облусу боюнча ички иштер органынын кызматкерлеринин ичинде коронавирус жуктургандар жок", - дейт Ош шаарынын коменданты.

2020-04-08 12:11

Малик Нурдинов 8-апрелге караган түнү Ош облусу боюнча текшерүү иштеринин жүрүшүндө коменданттык сааттын эрежелерин бузган 92 адам кармалганын айтты.


кошулду
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.04.2020. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ош шаардык больницанын жанындагы баардык дукондор бир кап унду эки минден сатып атышат.
rususu түзөттү 2020-04-08 14:29:22
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: