super.kg logo

Комендант: "Ошто мас абалында унаа айдап кармалган судья мыйзам чегинде жооп берет"

 

Бүгүн, 8-апрелде Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жана Ош шаары, Кара-Суу, Ноокат райондору боюнча комендант Малик Нурдинов онлайн маалымат жыйын берүүдө.

Анда Ош шаарында мас абалында унаа айдап кармалган судьяга кандай чара көрөлгөнү тууралуу суроо узатылды.

"Бүгүнкү күндө ал мыйзам алдында жоопко тартылат, кармалганда эле протокол тузүлүп, 17 миң сом айып салынган. Бул тууралуу маалыматты судьялар комиссиясына жөнөтөбүз", - деди комендант.

Эске ала кетсек, 6-апрелде Ош шаарынын аймагынан коменданттык саат учурунда Ош облусунун судьясы кармалганы маалым болгон

Маалыматка ылайык, судья мас абалында болгон. Ал милиция кызматкерлерине кол көтөрүп, каршылык кылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(3)
08.04.2020. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эл уйдон чыкпай отурса вирус жайылып кетпесин деп, бул уйдо отурмак турсун арак ичип алып тайрандап жургон турбайбы. Копкон да булар акчасы кенен проблема жок. Катуу жаза берип камака алыш керек.
08.04.2020. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушундай малдарды атып эле салса.Биз журобуз балдар кор болду эшикке чыга албай
08.04.2020. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
колунардан пок келбейт ачык эле айтып коеюн,Бишкекте пара менен кармалганды эч нерсе кыла албадынар го,кол тийбестиги бар деп,алыш керек булардан кол тийбестикти...Болбосо каалаганын кыла беришет бул иттер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: