Билим берүү министрлиги: "Бүгүнкү күндөн баштап дистанциялык окуу сабактары өтүлө баштады"
Бүгүн, 8-апрелде билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова онлайн маалымат жыйын берүүдө.
Жыйында бүгүн, 8-апрелден баштап "Баластан" телеканалынан дистанциялык окуу сабактары көрсөтүлө баштаганы айтылды.
"Бардык класстар үчүн сабактар алгач "Баластан" каналынан көрсөтүлөт, андан кийин гана министрликтин расмий порталына жүктөлөт. Мындан тышкары мугалимдер жана ата-энелер үчүн электрондук "Айбилим" окуу ресурсу онлайн жана офлайн режиминде иштейт. Ошондой эле "Билим булагы" интерактивдүү окуу ресурсу дагы жардамга келет. Белгилей кетүүчү нерсе, дистанциялык форматтагы сабактар жалпы программаны камтыйт. Ал эми материалдарды кайталоо жана баалоо мугалимдерге жүктөлөт", - дейт Жусупбекова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Saidochka

08.04.2020. 17:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабак эмей эле, жинди кана болуп кетти. Чай ичпей саартан бери отурабыз. Сабак өтүп,
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.