super.kg logo

MegaCom: "MegaPay аркылуу коронавируска каршы күрөшүү үчүн каражат топтоого болот"

 

Өлкөбүздө түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кечиктирилгис чараларды көрүү үчүн кошумча каражаттарды тартуу зарыл. Мындай кадамдын маанилүүлүгүн баамдаган MegaCom компаниясы мекендештерине колдоо көрсөтүүнү каалаган абоненттери үчүн ыңгайлуу жолду сунуштайт. Эми COVID-19 илдетине каршы күрөшүүгө ыктыярдуу салым кошууга каражат топтоону MegaPay тиркемеси аркылуу ишке ашырууга болот.

MegaCom абоненттери тарабынан чогултулуп жаткан каражаттар Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинде коронавируска каршы күрөшүү боюнча ачылган фондунун эсебинде топтолот.

Кайрымдуулук жардам үчүн төлөмдү кантип которууга болот?

· MegaPay тиркемесин (Google Play жана App Store аркылуу жеткиликтүү) жүктөп алыңыз;

· Авторизиялоодон өтүңүз;

· «Маанилүү» бөлүмүнө өтүңүз;

· Милдеттүү талаачаларды толтуруңуз: Аты-жөнү, СИН(ИНН), төлөмдүн суммасы;

· Маалыматтарды тактаңыз жана төлөмдү тастыктаңыз.

Акча каражатын которуунун статусун help.covid.kg көзөмөлдөп турсаңыз болот.

Өкүм сүрүп турган бүгүнкү абал, албетте, жашообузга, өлкөбүздүн экономикасына өз таасирин тийгизбей койбойт. Оор жагдайда четте карап турбастан, мамлекетибизге жана мекендештерибизге колдон келген жардамыбызды көрсөтө алабыз, келечек биздин колубузда!

Курч эпидемиологиялык коркунуч шартында мамлекетке жана республиканын калкына колдоо көрсөтүү боюнча MegaCom компаниясы тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат менен шилтемеси аркылуу таанышсаңыз болот.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: