Бүгүндөн баштап абанын температурасы кескин төмөндөп, мөмөлүү дарактарды үшүк алуу коркунучу жаралат

8-апрелден тартып өлкө аймагында абанын температурасы кескин төмөндөйт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
8-9-апрель күндөрү Кыргыз өлкөсүнүн аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. 9-апрелде Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы, Нарын облусунда жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Абанын температурасы кескин төмөндөйт.
9-10-апрелдерде Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде абанын температурасы -1ден -3 градуска чейин түшүп, үшүк жүрөт. Ошондой эле Талас, Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында -4 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү өрүктүн гүлдөгөн жана гүлдөп гүлү түшкөн бүчүрлөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторуна коркунуч алып келет.

