super.kg logo

"Телевизору жок үй-бүлөдөгү окуучу сабактарды кантип окуйт?" дегенге министрликтин жообу

 

Бүгүн, 8-апрелде билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова онлайн маалымат жыйын берүүдө.

Жыйында бүгүн, 8-апрелден баштап "Баластан" телеканалынан дистанциялык окуу сабактары көрсөтүлө баштаганы айтылды.

"Баткен облусунда телевизору жок үй-бүлөлөр бар. Мындай үй-бүлөдөгү окуучу сабактарды кантип окуйт?" деген суроого министрдин орун басары төмөндөгүдөй жооп берди.

"Телевизор жок жарандардардын үй бүлөсүнө жергиликтүү жетекчилер, демөөрчүлөр жардам беришүүдө. Мисалга алсак, Ысык-Көлдө "аяр үй-бүлө" деген топ түзүлгөн. Алар балдарын дистанциялык окутууга шарты жокторду телевизор, уюлдук телефон жана интернет менен камсыз кылып жатышат. Баткендеги телевизору жокторго бул жаатта жардам каралат", - дейт Надира Жусупбекова






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
08.04.2020. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Телевизордон телефонго тартып алып анан кайра коруп окуп атышат. 15 минутадан берет экен, майда класстар муундап жазып, жетишпей атышат...
09.04.2020. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Россия сыяктуу эле каникулду узартып койсо болбойт беле, 3 айлык каникулдун бир айын алса, жетиштүү болмок. Өзүлөрү да, ата-эне да, бала да убара.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: