super.kg logo

Нарында коронавирус менен ооруп жаткан жаранга санитардык эрежелерди бузуу фактысы менен кылмыш иши козголду

 

Нарында бир жаранга санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын шаарынын тургуну О.М. коронавируска чалдыкпагандыктан, дарылануудан баш тартып, ал эми үй-бүлө мүчөлөрү дары ичкенден кийин ден соолуктары начарлап кетти деген видео кайрылуу чыккан.

"2019-жылдын ноябрь айында О.М. Пакистанга даваатка кетип, кайра 2020-жылдын 15-мартында Лахор-Ташкент, Ташкент-Бишкек каттамы менен өлкөгө кайтып келген. Андан коронавирус жугуштуу илдети аныкталса дагы ал коюлган чектөөлөрдү бузган. Анткени О.М. менен байланышта болду деген себеп менен дарыланып жаткан Нарын шаарынын 3 тургунунда 30-мартта коронавирус оорусунун белгилери аныкталган. Жогорудагы билдирүү боюнча 3-апрель күнү Нарын ШИИБи сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган. Ал эми О.М. изоляцияда болгондугуна байланыштуу тергөө аракеттери ал сакайгандан кийин жүргүзүлө баштайт. Азыркы учурда тиешелүү жерлерге суроо каттар жиберилип, ыкчам тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
08.04.2020. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Камаш керек бу кишини,рахматтын ордуна жамандап,элге туура эмес маалымат таратып жатканы учун(((
08.04.2020. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушул айтты деп менин молдоке байкем көчөгө чыгып, айылчылап кетти, калп десек биз менен урушат. Бирок кудай сактасын ал жашаган айылда бул оору жок. Кантип караңгылыктан алып чыгабыз билбейм, жашоосун шариатсыз элестете албайт. Аябай эле фанат (((
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: