Биринчи вице-премьер азык-түлүк коопсуздугу жана коронавирус жуктуруп алган дарыгерлерге көрсөтүлчү жардамдар тууралуу маалымат жыйын берди (хронология)
Бүгүн, 8-апрелде Өкмөт үйүндө биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов онлайн маалымат жыйын берүүдө.
Эмне үчүн коронавирус менен жабыркагандардын так дареги айтылбай жатканы суралды.
Боронов алардын дарегин, аты-жөнүн жалпыга жарыялаган этика, мыйзам жактан дагы туура эмес экенин билдирди.
Суроо ижарада батирде жашаган жарандардын маселеси тууралуу берилди.
Биринчи вице-премьер-министр азыркы учурда бул боюнча эч нерсе айта албай турганын билдирди. "Анткени азырынча чечим жок. Бирок биз бул маселенин чечүү жолун издейбиз", - дейт Боронов.
"Атайын эсепке түшкөн каражаттарды кайсы бир сайт аркылуу көрсөтүп туруу каралат. Бүгүн, эртең бул боюнча маалыматтарды так алганга мүмкүнчүлүк түзүлөт", - деди Боронов.
"Дарыгерлер апрель айында айлык акысын жана үстөк төлөмдөрүн мөөнөтүндө алышат. Марттын төлөмдөрү чындыгында кармалып берилүүдө. Бул кызматкерлер жөнүндө туура эмес маалыматтар берилип жаткандыгына байланыштуу болгон", - деди Боронов.
Боронов билдиргендей, ун өндүрүүчү ишканаларга насыяны берүү үчүн критерийлер банк тарабынан каралат. "Насыя ундун тартыштыгы болбош үчүн берилет", - деди ал.
Суроо: "Парламенттик шайлоо жылдырылышы мүмкүнбү?"
Боронов: "Шайлоо жылдырылбайт болуш керек", - дейт.
Биринчи вице-премьер-министр өзгөчө абал киргизилген бардык шаарларда, райондордо Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын иши 31-марттан баштап абал турукташтырылганга чейин токтотулганын айтты.
"Азык-түлүктү ташуу боюнча эч кандай тоскоолдуктар жок. Картошка боюнча маселе жок. Баасы базарларда 25-30 сомдон болуп жатат", - дейт Боронов.
Боронов коммуналдык кызматтардын баары 3 айга өчүрбөө жагын каралганын белгиледи. Ошондой эле ал эч кандай туумдар кошулбай турганын кошумчалады.
Ал Түркияда дагы 360, Дубайда 300 жаран Кыргыз өлкөсүнө келебиз деп күтүп жатышканын белгиледи. "Аларды алып келүү боюнча болгон аракеттерди көрүп жатабыз. Ошондуктан азырынча келбей, эпидемиянын курч мезгили өтүп кеткенче карантинде туруп туруу керек. Аэропорттор иштегенче баарыңыздарды сабырдуулукка чакырам", - деди Боронов.
Боронов 11-апрелде Орусиядан жарандарды алып чыгып кетүү үчүн атайын рейс пландалганын айтты. "Учурдан пайдаланып, Новосибирсктен биздин мекендештердин биринчи бөлүгү кайтарылат”, - деди биринчи вице-премьер-министр.
Анын айтымында, жалпысынан 20-марттан тартып бүгүнкү күнгө чейин чартердик рейстер аркылуу сырттан 4 769 адам мекенине алып келинди.
Биринчи вице-премьер-министр билдиргендей, коронавируска чалдыккан дарыгерлердин саны 32ге жетти. "Өзгөчө кырдаал маалында кесиптик милдетин аткарып жатып, ооруга чалдыккан медицина кызматкерлерине өкмөттөн документ даярдалып жатат. Аларга компенсация берилет. Суммасын айтпай эле коёюн, документ даярдалып бүткөндөн кийин ишке кирет", - деди ал.
Боронов: "Бүгүн Ош шаардык ооруканасынын инфекция бөлүмүндөгү кызматкерлердин бардыгы коронавирус менен ооруп калып, ошол бөлүм жабылыптыр деген маалымат чыгып жатат. Бул такталбаган маалымат. Инфекция бөлүмүндө иштеген бир дарыгердин кошунасы умрага барып келип, элди чайга чакырганда барып, жуктуруп алганы такталып жатат. Анализ чыкканга чейин байкабай, кесиптештерине жуктуруп алган. Ал бөлүмдүн бардыгы ооруган эмес. Эки күнгө дезинфекциялаганга жабылып жатат", - дейт.
кошулду

