30 миң бет кап, 100 медициналык коргонуучу кийим. Кытайдан Ошко гуманитардык жардам келди



Кытайдын Фошань шаарынан Ош шаарына медициналык гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Ош шаары менен боордош алакадагы Кытайдын Фошань шаарынан Ош шаарына медициналык гуманитардык жардам келди. Фошань шаары 30 миң даана бет кап, 100 медициналык атайын форма жана дене табын өлчөөчү 100 даана инфракызыл термометр жөнөткөн. Ош шаарынын мэриясы келген жардамдарды тиешелүү кызматтарга бөлүп берет. Ошондой эле боордоштук алакадагы Сиань жана Шицзячжуан шаарларынын жетекчилери менен да сүйлөшүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.