"Жашаган жерибиз жок, ачка калдык дегендери туура эмес". Орусиядан келе албай жаткан жарандар тууралуу элчилик үн катты
Буга чейин Орусиянын "Шереметьево" аэропортунда 80ге жакын Кыргыз жараны мекенине келе албай жатышканы тууралуу маалымдаганбыз. Аталган маселе боюнча SUPER.KG порталы Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги менен байланышып, жооп алды.
Мекеме жарандар тарабынан айтылып жаткан дооматтарды четке какты. Айтымында, аэропортто кармалган жарандар тамак-аш менен камсыз болгон жана мейманкана акысы төлөнгөн. Ага карабай жарандар өлкөбүзгө кетебиз деп элчиликти укпай, аэропортко кетип калып жатышат.
"Ооба, чыр салып жаткандар 29-мартта өлкөгө учпай калган Кыргыз жарандары. Алардын жашаган жерибиз жок, элчилик бизден кабар албады, ачка калдык деп айтып жаткандары туура эмес маалымат. Мына бүгүн эле алар жашап жаткан хостелинен аэропортко кетип калышты. Жалпы 50 киши, арасында кош бойлуу аялдар да бар. Тамак-ашы даяр, бардык шарттар түзүлгөн.
Биз болгон күчүбүздү жумшап, иштеп жатабыз, бирок жарандар укпай жатышат. Мисалы, медициналык каражаттар жана башка өздөрүнө тиешелүү нерселер менен камсыз болушкан. Кош бойлуу аялдар дагы аэропортко барышып, бирок буттары талып хостелге кайтып келишиптир", - деп билдирди мекеменин басма сөз кызматынан Гүлбарчын Байымбетова.

Созду кобойтпой факт менен иш алып барсаныздар.
Жалпы канча сом сарптадыныздар мигранттардын тамак-ашына,мейманкаларга?
Качан караба, мекендештерибиз арызданганы арызданган. Демек, чындык карапайым миграттарда окшойт. Кабыл албай койду, жооп бербей койду, кууп чыкты, орусча сүйлөдү, сөгүп берди, жардам бербеди, каяка барсаң ошол жака бар деди, билген намазыңы оку деди, ишенгениңи чакырып кел деди, кимге ишенип жатасың деди, деди, деди, деди, деди.......нааразы. Иштерин так аткарбаса анан кантсин, байкуш жердештерибиз. Чындык чыркырап эле эл арасында жүрөт. Бирөө көч
Анан эле ушундай кырдаалда сүттөн ааапппаааппаккаааай болуп эле чыга келишет. Кир жугузбай өздөрүнө.
Аэропорт жабылганын билдиңер, улуу урматтуу мекендештер. Квартираңарда эле калып турсаңар болмок. Аэропортко барсаңар эле орустун чоңу силерди учуруп салмак беле. Барагой, кагылайын үйүң жок калдың деп.
Арканды узуууун таштап иш кылгалачы, алтындарым...