super.kg logo
  Саясат  

Мамлекет башчы Европа реконструкциялоо банкынын вице-президенти менен кызматташуунун жакынкы келечекке багыттары тууралуу талкуулады

 

Бүгүн, 8-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын вице-президенти Алан Пиллу менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки тараптуу кызматташуунун жакынкы келечекке багыттары, анын ичинде коронавирус инфекциясына каршы биргелешип күрөшүү чаралары талкууланды.

Мамлекет башчысы банктын суу менен камсыздоо жана ирригация тутумдарын өнүктүрүү боюнча инфраструктуралык, анын ичинде коомдук транспортту жана тиричилик таштандыларын жөндөөнү өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорго көрсөткөн колдоосун жогору баалай тургандыгын белгиледи.

Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнө коомчулугунун эң актуалдуу маселеси коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө жана экономикалык кесепеттерине каршы күрөшүүдө биргелешип аракеттенүү экендигин билдирди.

Сооронбай Жээнбеков учурдагы түзүлгөн кырдаал биздин гана өлкөнүн эмес, башка негизги соода-өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасынын бардык тармактарына жана ишкердик активдүүлүккө терс таасирин тийгизип жатканын кошумчалады.

Алан Пиллу коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө Кыргыз тарапка тилектештигин билдирди. Банк тарабынан жеке секторго, өзгөчө коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү үчүн гигиена, жеке коргонуу каражаттарын өндүргөн ишканаларга колдоо көрсөтүү жана жеңилдетип каржылоо варианттары каралып жаткандыгын белгиледи.

Банк чакан жана орто бизнести кайра каржылоо үчүн банк секторуна өз милдеттерин аткаруу жөндөмдүүлүгүн берүү мүмкүнчүлүгү каралып жаткандыгын маалымдады.

Алан Пиллу инфраструктуралык тутумдарды жакшыртуу боюнча муниципалдык ишканаларга колдоо көрсөтүү улантыларына жана дүйнөлүк кризистик кырдаалга карабастан, белгиленген бардык долбоорлор өз маалында жана кармалбастан ишке ашырыларына ишендирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: