super.kg logo

"Кара-Көл шаарында милициянын инспектору жашы жете элек кызды зордуктоого аракет кылган". Окуя боюнча Жалал-Абад ОИИБинин жообу

 

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында милиция кызматкери 9-класстын окуучусун зордуктоого аракет кылган деген маалымат чындыкка жатпайт. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Ушул жылдын 3-апрелинде Кара-Көл шаардык милициясынын жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын инспектору, кенже лейтенант А.Б. 5000 сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Ал эми маалымат булактарына аны зордуктоого аракет кылды деп тараган маалымат жалган. 9-класстын окуучусун түн ичинде көчөдө жүрбөшүң керек деп эскертип, жүрүш-турушуңду интернет булактарына тартып чыгарам деп коркутуп, акча талап кылгандыгы алгачкы тергөө-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө такталды.

Шектүүгө карата "пара талап кылуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. 6-апрель күнү Жалал-Абад облустук соту тарабынан А.Б.нын баш коргоо чарасы каралып, үй камагына чыгаруу боюнча чечим кабыл алынган. Азыркы учурда опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча сотко чейинки иликтөөнү Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы жүргүзүп жатат", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -5 
Комментарийлер(4)
08.04.2020. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
карга карганын козун чукубайт дейт го
08.04.2020. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кенже лейтанант деген бул 24 -25 жаштагы бала, ушул бала 5000 пара алса охоо жетишкен экенбиз
08.04.2020. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Калп калп эле дей берип казанынар кайнабай туруп соолуй турган болду го ушулардын калпы.
08.04.2020. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эми кундо милиция жонундо кылмыш окуй Турган болдук го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: