super.kg logo

76 күндүк карантинден кийин Уханда никесин каттатууга арыз жазгандар көп болду

 

Бүгүн, 8-апрелде Кытай өкмөтү коронавирус чыккан Ухан шаарындагы карантинди алды. Чет элдик маалымат булактары жазгандай, аталган шаарда карантин 76 күнгө созулду.

Ухандыктар акырындык менен мурунку турмуш образына кайтып жатканы жазылат маалыматта. Өзгөчө никесин каттатуу боюнча арыз жазгандар өтө көп болгон.

"Кытайда адамдардын баш кошконун каттаган атайын Alipay программасынын өкүлдөрү программага киргендердин саны өтө көп болгондуктан араң иш жүргүзгөнүн айтышкан. Бул арада техникалык мүчүлүштүктөр да орун алган. Систем ишин токтотуп туруп калбаганы менен абдан жай иштей баштаган. Бүгүн бул программаны карантинге чейин январь айындагы бир күндө колдонгондорго караганда 3 эсе көп киши колдонду", - деп жазылат маалыматта.

3-апрелде Уханда никени каттоо кызматындагы эрежелерге толуктоолор киргизилген. Ага ылайык, каттоого арыз бериш үчүн жаранда саламаттыгы чың экендиги тууралуу аныктамасы болушу керек.

Бул шаарда жалпысынан 11 миллиондой калк жашайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
08.04.2020. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин эл Кытайдын Уханына жетпейт экен
08.04.2020. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ажырашкандар коп болуп атат деп атышпады беле откондо,карантинден чыгаарым менен ажырашам дегендер кобойуп деп...
09.04.2020. 08:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nur777,ошону айтайын дедим эле...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: