super.kg logo

АКШнын Олтон шаарынын мэри карантинди бузгандарды жазага тартууну буюрган. Эртеси анын жубайы тартип бузуп кармалган

 
Американын Иллинойс штатындагы Олтон шаарынын мэри коронавирус пандемиясынан улам карантинди бузган жарандарды жазага тартуу буйругун берген. Эртеси мэрдин жубайы тартип бузуп кармалган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
АКШнын Олтон шаарынын мэри Брэнт Уокер карантинди бузган жашоочуларды жазага тартууну чечкен. Ал полиция кызматкерлерине жума жана ишемби күнү кечинде шаардагы бардык бар, клубдарды текшерип, тартип бузгандарды аныктоо тууралуу буйрук берген. Кызыгы, эртеси күнү кечинде барлардын биринен полиция мэрдин жубайын кармаган. Бул тууралуу Уокер Фейсбук баракчасына жазып чыккан.

«Мен полициянын башчысына жубайыма карантинди бузган башка адамдардай мамиле кылуусун айттым. Ал эч кандай артыкчылыкка ээ болбойт. Менин жубайым бойго жеткен адам, ал өзү чечим кабыл алат. Бул кырдаалда ал жоопкерчиликсиздигин көрсөттү. Эми ал башка тартип бузгандар сыяктуу эле кылган ишинин кесепетин көрөт. Бул окуя үчүн уялып жатам жана Олтон шаарынын жашоочуларынан кечирим сурайм", - деген мэр.

Маалыматка ылайык, Иллинойс штатында бир үй-бүлөдөн ашык адамдардын чогулуусуна тыюу салынган. Тартипти бузгандар, алардын арасында эми мэрдин жубайын да 2500 доллар айып пул төлөө же 364 күндүк камак күтүп турат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(4)
08.04.2020. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Молодец баары сендей болушса
08.04.2020. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Аял кишини башынан кармаш керек, а то кийин кеч болуп кетсе кыямат күн болот бул бүт дүйнөлүк мужиктерге сабак!!!
08.04.2020. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Соке покинула чат
09.04.2020. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Биздикилер ноборотко менин куйом Укмкада иштейт деп чыгат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: