super.kg logo

Үч бала. Ар башка класстардын телесабактарын бир убакта кантип көрсө болот? Айтып беребиз

 

Кыргызстанда 2020-жылдын 8-апрелинен тартып, дистанциялык окутуу башталды. Атайын жүгүртмө аркылуу телесабактар бериле баштады, ар бир видеосабактын узактыгы 20 мүнөт.

  • КТРК «Баластан» телеканалында –бала бакчалар, даярдоо класстары жана 1-4-класстар үчүн;
  • ЭлТР «Билим Илим», «Пирамида», «Бешинчи канал», «Санат» каналдарында – 5-11-класстар үчүн.

Каналдардын тизмеси КРдин Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген жана кошумчаланышы мүмкүн.

Бир үй-бүлөдөгү ар башка класстарда окуган балдардын сабактарды өткөрүп жибербөөлөрү боюнча суроолорго жооп беребиз.

Буга «O!TV Окутуу» АКЫСЫЗ ТОПТОМДУ кошуп алуу менен жетишсе болот – бул бардык О! абоненттери үчүн өлкөдөгү өзгөчө абал учурунда 2020-жылдын 6-апрелинен тартып ачылган билим берүү телеканалдарын акысыз көрүү мүмкүнчүлүгүн берген социалдык топтом болуп саналат.

«O!TV ОКУТУУ» топтомду КАНТИП КОШУП АЛУУнун кадамдык нускамасы:

1-кадам. Акысыз кирүүгө ээ болуу үчүн *750*88#чакыруу буйрутмасын териңиздер.

Кошуп алуу буйрутмасын тергенден кийин сиз логин (телефон номери) жана шартбелги (төрт маанилүү сан) менен SMS аласыз, андан кийин SMS аркылуу келген шилтеме аркылуу тиркемени орнотуп алуу керек. Тиркеме Play Market жана AppStore платформаларында жеткиликтүү. O!TV тиркемесин Smart TV функциясы бар телевизорлордо (LG, Samsung, Philips, Sony), телевизиондук приставкаларда жана https://otv.kg/ веб-порталында дагы жеткиликтүү болот.

2-кадам. Тиркемеге кирүү үчүн 996 70X xxx xxx же 996 50X xxx xxx (мисалы, 996700123456 же 996500123456) форматында логинди жана шартбелгини киргизиңиз:

Андан кийин менюну ачыңыз (тиркеменин сол жагындагы өйдөгү бурчундагы баскыч) жана сол жактагы тизмеден «O!TV Окутуу» топтомун табыңыз.

3-кадам. «O!TV Окутуу» топтомунда архивдик көрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгү бар (архив 3 күн сакталат). Мисалы, «ЭлТР» телеканалын тандаганда, архивдик көрсөтүүлөрдү көрүү үчүн төмөнкү аракетти жасоо керек:

- сол жагындагы ылдыйкы бурчтагы менюну ачуу;

- көрсөтүүлөрдүн программасына өтүү жана кызыктырган көрсөтүүлөрдү ачуу;

- солго же оңго түрүү менен көрсөтүүлөрдү көрүүнү “шыр” башкарса болот (ал экрандын ылдый жагында жайгашкан);

- түз эфирге кайтып келүү үчүн оң жагындагы ылдыйкы бурчтагы «Эфир» баскычын басуу.

Топтомду башкаруу буйрутмалары:

  • Акысыз топтомду кошуп алуу - *750*88#;
  • Топтомдун абалын текшерүү - *750#;
  • Шартбелгини калыбына келтирүү - *750*5#.

Кененирээк маалымат o.kg сайтында.

Ар бир окуучу балаңыздын смартфонуна акысыз топтомду алыңыз да, сабактарды калтырбаңыздар.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
09.04.2020. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
телефону жоктор кандай кылат.столго отуруп алып эле баардыгын ойлонуштуруп койдук деп мактаныштын не кереги бар
09.04.2020. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
bond0202,Кимде телефону жок экен акылдуу болуп оюна келгенди жаза бербечи ар бир окуучунун үй бүлөлүк абалы кандай экенин мугалим сенден жакшы билет жана алар менен иш алып барып жатат
chake түзөттү 2020-04-09 12:40:36
09.04.2020. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баш айланып калды. Балдар менен Баластанды карайбыз анан эле только Ватсаптан окуйбуз биз тушунбодук деген Ата энелер чыгып жатат. Гугл класска кирип алып сабак күтүп отурабыз класстын жарымы кирген жарымы жок канча ата энелер киралбай жатышат.
09.04.2020. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Samatalibei,О!TV жакшы экен мен жыргап эле калдым жүктөп алып,түшүнбөй калсаң кайра кайталап көрсөң болот экен,мага жакты,рахмат О! Ушундай кырдаалда бекер кылып койгонуна!!
09.04.2020. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эми бул убактылуу болуп жатат го сабыр кылып айтканын кылып туралы да Ата энелер деле теманы китептен карап балдарга кошумча тушундуруп тургула да Алма был оозума туш дебей.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: