super.kg logo
  Спорт  

Коронавирус пандемиясынан улам атактуу футболчулардын трансфердик баасы арзандоодо

 

Дүйнөгө кучагын жайып жаткан коронавирус пандемиясы футболго дагы чоң таасирин тийгизди. Алсак, быйыл өтө турчу Европа чемпиондугу кийинкиге жылдырылса, эң ири турнир болгон Чемпиондор Лигасы вирустун айынан белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул инфекциядан атактуу футболчулардын дагы трансфердик баасы 20 пайызга арзандады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Англия Премьер-Лигасында (АПЛ) эң кымбат футболчу делинген Рахим Стерлингдин трансфердик баасы 160 миллион евродон 128 миллион еврого түшкөн. "Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Мессинин баасы 140 миллиондон евродон 112 миллион еврого түштү. Ушул эле команданын дагы бир чабуулчусу Антуан Гризманндын трансфердик баасы 120 миллион евродон 96 миллион еврого түшүп калды.

Буга чейин "Бавария" футболдук клубунун мурунку президенти Ули Хёнесс коронавирустун айынан футболчулардын трансфердик баасы арзандарын, мурунку футболго кайтып барыш үчүн кеминде 2-3 жыл керектелерин айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
09.04.2020. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шылтоо менен бут нерсе болтат.
09.04.2020. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшы да через чур кымбат эле Неймар 222 миллион дастойный деле эмес го ал акчага 222 ге анын флангына ойногон 2-3 жфкшы оюнчу аласын мисалы Марко Ройс 70 турат Сон хе Мин 70 турат Маркус Решфорд 80-90 турат бир ыйлакты алгандан коро эркекче ойногон ушул 3 футболчуну алмакмын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: