Орусияда вирус жуктуруп алган бейтаптар менен иштеген медицина кызматкерлери кошумча 80 миң рубль алат
Орусиянын президенти Владимир Путин 8-апрелдеги губернаторлор менен жыйын өткөрүү учурунда коронавируска каршы жаңы жардам чараларын сунуш кылды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, медицина кызматкерлерине 3 ай кошумча акы төлөнөт. Тактап айтканда, коронавирус жуктургандар менен түз иштеген дарыгердин айлыгына 80 миң рубль кошулат. Ал эми башка медицина кызматкерлеринин иш милдеттерине карай айлыгы 25-50 миң рублга көтөрүлөт.
Ошондой эле ата-энеси иши жок калган үй-бүлөнүн ар бир баласына 3 ай бою 3 миң рублдан бөлүнөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:59
2025-06-27
23:28
2025-06-26
Рейтинг:
0
