"Ак кайра жаралуунун түсү". Белгилүү "Vogue Italia" журналынын башкы бети бул ирет ак түстө чыгат
Белгилүү италиялык "Vogue Italia" журналынын биринчи бети алгачкы ирет эч кандай сүрөтү жок ак түстө чыгат. Бул тууралуу маалыматты журнал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады."Биз ак түстү сүрөт жоктугунан эмес, сүрөттөрдүн көптүгүнөн улам тандап алдык. Ак түс бул кайра жаралуунун, урмат көрсөтүүнүн түсү. Ак түс азыр дүйнө жүзү боюнча биздин өмүрүбүздү сактап калуу үчүн жан үрөп жаткан дарыгерлердин кийиминин түсү", - деп түшүндүргөн редакциядан.
Аз убакыттын ичинде эле аталган билдирүү Инстаграм баракчасында көптөгөн жакты белгилерин алган. Журналдын өзгөчө саны 10-апрелде жарык көрөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:03
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















