super.kg logo

"Жардам бергендер муздаткычтан бери ачып, текшергенден кийин азык-түлүктү беришет экен" дейт үч баланын энеси

 

"Карантинге чейин эле мага окшогон энелерге иштеп, балдарын багуу оор болуп келген эле" деп баштады сөзүн Майрам Жумабаева аттуу жалгыз бой эне. Ал үч баланын энеси экенин жана балдары менен батирде жалгыз турарын SUPER.KG порталына айтып берди.

Азыркы абал Кыргыз өлкөсүндө жардамга муктаж үй-бүлөлөр дагы деле көп экенин көрсөтүп койду деген эне башынан өткөн жагымсыз окуя тууралуу айтып берди.

"Биз жашаган айылдын квартал башчысы келип, батирде жашагандардын тизмесин алып кеткен. Ал бизге "Азык-түлүк жактан жардамга муктаж жарандардын аты-жөнүн тактап жатам, жардам берилип калса, ушул тизме боюнча берилет" деп айткан. Кийинчерээк квартал башчысына кайрылганымда, жардам шаардагыларга берилбейт экен деген жообун айткан. Андан кийин дагы бардым. "Азык-түлүк өтө зарыл дегендерге эле берилип жатат. Анда дагы ар бир үйгө кирип, муздаткычтарын текшерип көрүп, эч нерсеси жок болгондорго гана бир аздан бердик" деген жооп алдым. Чынын айтканда бул сөз мага аябай оор тийди. Көңүлүм ооруп кайра келдим, өзүм үчүн гана эмес мага окшогон миң сандаган энелер үчүн көзүмө айласыз жаш тегеренди.

Карантин болбосо да жумушта иштеп, азык-түлүк таап кетмекпиз. Ансыз деле буга чейин чүрпөлөрүмдү эч кимден жардам сурабай, өзүм эле багып келгем. Эми биз эмне кылышыбыз керек? Бир кап ун үчүн муздаткычыбызды текшертип, үйүбүздү текшертебизби? Балдарымдын улуусу 14 жашта, кийинкилери 13 жана 3 жашта. Жолдошум кетип калган. Ага карабай, белди бекем бууп, балдарымдын келечеги үчүн күчтүү болууга туура келди. Мурунку жолдошум жардам көрсөтпөйт. Бирок мен эч кимден үмүт кылбай, балдарымды багып келгем. Карантин башталгыча "Мадина" базарына жумушка кирип иштеп, сүйүнүп алганбыз. Айла жок, үйдө отуруп калдык. Мындай шартта бардык эле үй-бүлөгө оор болуп жатса керек. Мен дагы учурда оор абалга туш келгендиктен, жардам сурап кайрылууга мажбурмун", - деп сөзүн аяктады ал.

Үч баласы менен батирде жашап жаткан энеге жардам бергиси келгендер 0552 251-135 номерине байланышсаңыздар болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(14)
09.04.2020. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ушул эжеге окшогон жалгыз бой энелер биз жакта да бар,мумкун болсо кайрылышып коесуздар.
09.04.2020. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
janka7,3баланы тарбиялаган жалгыз бой эне.Тел:0702301465
09.04.2020. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уч баланы жалгыз баккан жалгыз бой эне,кичуусу 2жашар ,жардамга аябай муктаж .Тел:0702301461ушул ном байланышсанар болот
09.04.2020. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
janka7,бул номер вотсапка кирбейт турбайбы. Чет жерде болгонум учун туз байланыша албайткем.
10.04.2020. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Diyana,0705741756
09.04.2020. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
janka7, Вотсап номерлери болсо жакшы болмок, аз болсо да жардам кылмакпыз
10.04.2020. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Diyana,сизге рахмат эртен сурап берейин ватсап номерин
09.04.2020. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Алар келгенде азык түлүктү катып койгондорго а жок экен деп бере салат турбайбы!
09.04.2020. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уч баланы тарбиялаган жалгыз бой эне,кичуусу 1жаштан отту .Тел:0702301461
09.04.2020. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушул кантип болсун уйун холодильнигин текшерип
10.04.2020. 08:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин дагы бир таанышым айтты уйдогу оокаттарын дагы карап беришет экен. Эгер уйун толо оокат(телевизор,холодильник, диван ж.б.у.с) бирок ачка отурсан ала албайт экенсин. Жон эле абалды коруп туруп берип коюшса болмок.
10.04.2020. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Куйоосун ажылдай берип,журок оору кылып олтуруп алса керек же ажырашып кеткен тилинин узундугунан? Куйоосу эмне болгон билип бергиле? Кээ бир аялдар турмуш сыноосуна чыдай албайт, ошондой эле эркектер да бар. Ортодо балдарга кыйын!
zamir_kgz түзөттү 2020-04-10 10:30:26
10.04.2020. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
zamir_kgz,оозуна келгир!!!Ушундай оор кырдаалда жаман соз айтпай турсан болбойбу.
10.04.2020. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атайын счетке тушуп аткан акчалардан бербей эмне кылып атышат...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: