super.kg logo

Таласта өзгөчө кырдаал киргенден баштап ушул күнгө чейин 6 жол кырсыгы катталды

 

Талас облусунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү жашоочуларга жана айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Талас ОИИБи боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан облустун аймагында облуска кирген жерлерде 2 санитардык-карантиндик пост жана ар бир райондордун чектешкен жерлеринде төрт пост коюлган. Ар бир посттордо күнү-түнү экиден жол кыймылынын кызматкерлери, өзгөчө кырдаал, саламаттыкты сактоо жана ички иштер органдарынын башка бөлүктөрүнүн кызматкерлери менен биргеликте текшерүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Облус аймагына өзгөчө кырдаал киргенден баштап ушул күнгө чейин 6 жол унаа кырсыгы катталды. Кырсыктан каза болгондор жок. Ал эми 8 жаран денелеринен ар кандай жаракаттарды алып ооруканага кайрылышкан. Ошондой эле кызматкерлер тарабынан жолдо жүрүүнүн эрежелерин одоно бузган 63 жаранга бузуулар жөнүндөгү протокол түзүлсө, анын ичинен 11 айдоочу унаасын спирт ичимдигин ичип алып башкарып жүрүшкөндүктөрү үчүн кармалышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: