super.kg logo

Чет элдик ЖМКлар Австралияда коронавирустун жугушун чектей алган препарат иштелип чыгып жатканын жазышууда

 

Коронавирус менен күрөшүп, анын адам организминде көбөйүшүнө бөгөт коё алат делген дары иштелип чыгууда. Бул тууралуу Австралиянын окумуштууларынын жүргүзгөн изилдөөлөрүнө таянып, чет элдик басылмалар жазышууда.

Анда жазылгандай, коронавируска каршы иштелип чыгып жаткан жаңы препарат организмдеги коронавирустун жайылышын 48 сааттын ичинде басаңдатат. "Ивермектин" деп аталган дарынын эффективдүүлүгү 93 пайызды көрсөткөн.

"Учурда Австралиянын окумуштуулары лабораториялык изилдөөлөрүн жүргүзүп жатышат. Тажрыйба лабораториялык шартта коронавирус менен жабыркаган клеткага жасалган. Алар жаңы препарат жакшы жыйынтыктарды көрсөткөнүн белгилешкен. Анткени эксперимент маалында препарат үлгүлөргө терс таасирин берген эмес. Изилдөөнүн жыйынтыгы "Antiviral Research" (вирусология жана дары-дармектерди изилдөө боюнча популярдуу журнал) илимий журналына жарыяланган. Изилдөөнү Австралиядагы Монаш университетинин окумуштуулары жүргүзгөн", - деп жазылат маалыматта.

Дарыны иштеп чыккандар препарат вирустун бир адамдан экинчи адамга жугузуп алуу коркунучун чектей тургандыгын да белгилеп өтүшкөн.

Маалым болгондой, 9-апрелге карата дүйнө жүзүндө коронавирус менен жабыркагандардын саны 1 миллион 511 миң 104 болду. Айыккандардын саны - 329 миң 329, каза болгондор - 88 миң 338.

Эскертүү! коронавируска каршы вакцина иштелип чыга элек. Ал эми COVID-19 илдетин дарылоодо колдонуп жаткан дары-дармектерди дарыгердин көрсөтмөсү жок колдонууга болбойт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.04.2020. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азырынча бул такталбаган маалымат. Ивермек мал жандыка берилет. Вирус дарылайм деп ичип албагыла өлөсүңөр!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: