Бишкектеги Ала-Арча суусуна 29 жаштагы жаран түшүп кетти. Абалы орто деп бааланууда
Бишкектеги Ала-Арча суусуна 29 жаштагы жаран түшүп кетти. Учурда абалы орто деп бааланып жатканын ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, кырсык 8-апрелде саат 14:34тө орун алган.
"Медеров жана Токтоналиев көчөлөрүндөгү Ала-Арча суусуна 1990-жылы туулган А.С. аттуу эркек киши кулап түшкөн. Куткаруучулар жабыркаган адамды суудан алып чыгышып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен. Жабырлануучунун абалы орто деп бааланууда", - деди маалымат кызматынын өкүлү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.