super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Обсервацияда жаткандарга үч маал самсы, ганфан сыяктуу тамактар берилип жатат деген чындыкка дал келбейт" дейт окурман

 

"ӨКМнын үч маал ысык самсы, ганфан берилип жатат деген маалыматы чындыкка дал келбейт" деп жазат окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө.

"Мен Ош шаарындагы обсервациялардын биринде жатып чыктым. Сүрөттө бизге берилген эртең мененки, түшкү жана кечки тамактар. Бул үч-төрт күн мурун тартылган. Менин кейигеним ушул тамак үчүн канчалаган миллион акчалар которулуп жатса керек. Тамак алып келишет, кечинде желбеген тамактарды кайра чогултуп, таштандыга салышат. Бул эмне деген ысырапкерчилик. Ушундан көрө жөн эле картошканы майга кууруп алып келишсе болмок. Урматтуу бийлик өкүлдөрү, бул менин бир эле мисалым. Калган мамлекеттин жардамдары өз орду менен толук барбай жатат. Ушул боюнча мамлекет тарабынан комиссия түзүлүш керек деп ойлойм", - деп жазат окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
09.04.2020. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Тообо, ушул кантип болсу! Анан эле суйлосо баржокту кыйратып коюшкансып биз камсыздап койдук жеткирип койдук деп суйлошот, бул жакта туруп алып биз паланча миллион которулду, паланча жардам берди дегенди эле угабыз, а чындыгында ал суммаларды эмне кылып кайда жумшагандарына жалгыз Кудайым кубо, карап туруп ыйлагын келет, эмне дейбиз жазасын Кудайым берсин ушул жеп жутаарлардын!
09.04.2020. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Өкмөт Ар кайсы уюмдардан, мамлекеттерден жардам сурап акчаларды алып эле атат, берген тамагы ит мышыка даярдалган тамактан айырмасы жокко, эптеп септеп эле тамак бердик деп кутулуп бул жерден да акча жеп калалы деп атышканго, качан жегенди токтотосуңар! Ушундай кырдаалда азда болсо ойлонуп, жегенди токтоткулачы бийликтегилер!
09.04.2020. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бардык нерсени туз эфир кылыш керек акчаны кимге жардам берип атат кайсыл жака канча акча кети
09.04.2020. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Өтө начар
09.04.2020. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мындай тамакты мен мышыгыма даярдап берем
09.04.2020. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
KaGaH, тообо де. Жакында өзүңө да ушундай тамак таппай калып жүрбө.
09.04.2020. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bessmertiy,тоббо,болгонун болгондой айттым да,3 маал самсы деп мактанып жатышпады беле
09.04.2020. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мен да обсервацияда жатып ушундай тамак жедим,тамакты жеп болбойт чынында,Аллах озу кечирсин ката суйлогон болсом...
09.04.2020. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул оорудан пайда көргөндөрдүн өзү,бала чакасы жакшылык көрбөсүн.Кудай бар экенин унутпагыла,карапайым элди кыйнабагыла.
09.04.2020. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушундай оор сыноодо да Алдым жуттум кылгандарды өзүнө уруп алганын Аллахым эки эсе кылып чыгарып жиберсин.Эшик-тешигинен тешип чыгып кетсин.Эптеп урдуруп албагыла.Кудайбар
Жардамга келди деген ундар айылда да 5-6 үй-бүлөгө берилди биздин айылда. Дал ошондой унду Магазинде сатып жатат. Шекшип эле Алла өзүң ынсап,ыйман,жүрөгүнө Гыждан берекөр жеп-жутарлардын деп өтүп кеттим. Тообо дейсиң ушундай Адамдарды угуп.Ылайым эле оору жок болуп Кыргызстан,Бүт эле дүйнө элиде оору жок болуп кетсин.Оо
09.04.2020. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кантип бөлүнгөн пулду жейсинер эй.Адамдар ооруп жатса.Ой ынсабы жоктор. Мерезжүрөктөр. Башынарга таш Как этип тийсин ылайым. Кудайым таразалап коет.
09.04.2020. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атала кайнатып берип аткан экен. Откондогу аял бекеринен "шашлык,котлета" деп ызы чуу салбаптырда. Тобоо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: