super.kg logo

"Үйдө 10 килограмм унум бар, мага берчү унду муктаждарга бергиле". Жашы 70ке чукулдап калган апа кайрымдуулуктан баш тарткан

 
Эрнист Бөрүбаев

Куудул жана тамада Эрнист Бөрүбаев өлкөдөгү азыркы кырдаалга байланыштуу азык-түлүккө муктаж адамдарга жардам берүүдө. Ал таратып жүргөн азык-түлүктөн баш тарткан улгайган апа тууралуу кыскача видеосун социалдык тармактагы баракчасына жүктөгөн. Бул видео кызуу талкууга алынып, көпчүлүк колдонуучулар "ушундай адамдарыбыз көп болсун" деп, апага ыраазычылыгын билдиришүүдө.

Бул тууралуу Эрнист Бөрүбаевге байланышканыбызда, видео Ак-Ордо конушунда тартылганын айтты.

"Мен жардам бергендеримдин эч кимисинин атын сурабайм, бетин дагы видеого дагы тартпайм. Бул апанын атын сураган жокмун. Жашы 70ке чукулдап калган апа экен. Мен апага күнүмдүк тамак-ашка керектүү бир аптага жете турган азык-түлүктөрдү алып баргам. Алып барсам, "балам башкаларын алайын, бул унуңду башка муктаж адамдарга алып барып бер. Менде 10 килограмм унум бар. Ал түгөнгүчө пенсиям дагы тийип калат" деп айтты. Биз ыраазы болдук. Кээ бирөөлөр үйүбүздө эч нерсе калбай калды деп алдап чакырып жатышат", - деп билдирди ал.






Топук кылган 70 жаштагы апа

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(3)
09.04.2020. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Элдин кобунун пейили кетти,малдары бар,машинасы бар,жашоосу тын,адамдарды кордум жардамга келген ундан жан талашып алгандарды,тан каласын бир койунду сатсан бир ай жашасан болот,анчалык ач коздуктун эмне кереги бар.
09.04.2020. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
бул апа аман болсун ыйманы бекем экен
09.04.2020. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шатыратып эле суйлоп жатканы башкача болуп атат.Атайын эле суйлоткон эмеспи.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: