super.kg logo

Тышкы иштер министрлиги: "Коронавирус пандемиясынан улам чет өлкөгө чыккан жарандарга сыртка чыкпай туруу сунушу айтылган" (хронология)

 

Бүгүн, 9-апрель күнү Өкмөт үйүндө тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев чет өлкөдө калган мекендештер тууралуу жыйын өткөрдү.


Башынан / Аягынан Маанилүү

2020-04-09 14:28

Марттын башынан тартып өлкөгө жеке коргонуучу каражаттар, ИВЛ аппараттар, экспресс-тесттер үчүн 15 миллион долларлык жардам келген. Кайрымдуулук кылган өлкөлөр - Орусия, Кытай, Япония, Корея, Түркия, АКШ, Швейцария, Өзбекстан жана башкалар. 

2020-04-09 14:24

АКШдан алынып келген жарандарда да коронавирус болушу мүмкүн деген шек менен изоляцияга алынган.

2020-04-09 14:23

"Буга чейин коронавирустун жайылуу коркунучун эске алып, ТИМ чет өлкөлөргө чыгуудан кармануу сунуштары менен чыккан. Тилекке каршы, ага карабастан бир топ мекендештерибиз сыртка чыгып кеткен. Албетте, мекендештерибиздин арасында чет өлкөдө иштеп, окуп, дарыланып жаткандар бар", - дейт Ниязалиев.

2020-04-09 14:22

Орусиядан алып келинген 17 жарандын жетөө биринчи экспресс-тесттен коронавирус оң чыккан. Азыр алар көзөмөлдө.

2020-04-09 14:21

9-апрелге карата 23 чет өлкөдө жашаган Кыргыз жарандарынан коронавирус катталды. 

2020-04-09 14:17

Оренбург облусунда жашаган Кыргыз жарандары тамак-аш, жеке гигиеналык каражаттар менен камсыз болушту.

2020-04-09 14:13

Учурда 2 719 Кыргыз жараны чет өлкөдөн чартердик каттам менен алып келинди. Азыр 42 өлкөдө мекендештерибиз бар. 


кошулду
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
09.04.2020. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ой келбей эле коюшсунчу бияк жыргап аткан жери жок. Жон келбей ооруну ала келишет да. Пайдасы тийбеген немелер жок дегенде зыянын тийгизбей жата турушсун. Буга чейин мамлекетке иштебей кайда журушту эле тентип
09.04.2020. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bak.taalai,оба бир ай чыдаса отуп кетет,тимеле ызылдашат, всю жизнь ошол жакта калып калчудай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: