super.kg logo

Инфекциялык оорулар боюнча башкы дарыгер: "Оштон дарыгерлер мага кат жолдогонун уккан жокмун"

 

Оштогу балдардын инфекциялык ооруканасындагы дарыгерлер байланышка чыгып, бийликке кат жолдошкон. Жолдонгон катта Кыргыз өлкөсүнүн биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов, саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов жана Кыргыз өлкөсүнүн жугуштуу оорулар боюнча башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевдин ысымдары аталып, "бизге жалаа жабышпасын, эч кандай ажы тойго эч ким барган эмес. Ажы тойго шылташпасын, бул жерде ич ара вирус жугуу болгон", - деп катка кол койгон 20 дарыгер.

Мындан улам SUPER.KG порталы Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевге байланышып, дарыгердин бул боюнча маалыматы жок экенин билди. Аалиев жыйынга катышпаганын жана кесиптештери аны башка бирөө менен алмаштырып жатканын айтты.

"Бул боюнча мага эч ким кайрылган эмес. Ал кандай кат экендиги тууралуу дагы маалыматым жок. Анын мага тиешеси жок да. Бардык булактарды карап жатам, бирок бул жөнүндө кабардар эмес экем. Мен онлайн жыйынга дагы катышкан эмесмин, балким кесиптештерим адашып калышты", - деп билдирди башкы дарыгер.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
09.04.2020. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ХХХХ. Баардык соц тармактарды карап атам дейт. Очойгон интернетте жургон катты корбой козун май баскан го
Модератор admin_portal түзөттү 2020-04-09 17:33:44
10.04.2020. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кой калпты окшоштуратта эмне мынча коркосунар.Чындык чыркырап турбайбы.Кесиптешин,кол алдындагы ишчилерин коргой албаган кызматкерден кандай жакшылык кутсо болот.Демек,келме-кезек терме-тезек болуп журбосун.Силерда качандыр бир кун куру дооматка калып журбогуло,азыркы бийликтен ишенич кеткен ак ийилет бирок сынбайт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: