super.kg logo

"Колум титиреп, ыйлап жазып жатам". Коронавирус жуктурган делген дарыгердин каты жарыяланды

 

Кечээ, 8-апрелде Оштогу балдардын инфекциялык ооруканасындагы дарыгерлер бийликке кат жолдошкон. Анда алар: "Бизге жалаа жабышпасын, ажы тойго эч ким барган эмес. Ажы тойго шылташпасын, бул жерде ич ара вирус жугуу болгон", - деп катка 20 дарыгер кол койгон.

Бүгүн жалаага кабылдым деген дарыгердин жеке каты жарыяланды. Анда ал абалы оор экенин айтып, билдирүүсү коомчулукка жетүүсүн өтүнгөн. Кат тууралуу бейтап SUPER.KG порталына билдирип, коомчулук чындыкты билиши керек дейт.

"Мага кур доомат коюлду, сиздердин жардамыңыздар керек. 3-апрель күнү коронавирус диагнозу менен Ош облустук клиникалык ооруканасына оор абалда түштүм. Кудайга шүгүр, дарыгерлердин жардамы менен дурусмун. Мени нес кылганы бүгүнкү маалымат - дарыгер ажыдан келгендердин үйүнө барып чай ичип, ооруп калып, башка медицина кызматкерлерине жугузду деген кур доомат, жалган жалаа болуп жатат. Мен эч кандай ажы тойго барган эмесмин, менден 3-4 күн мурда бөлүмдөгү дагы 2 дарыгердин дене табы көтөрүлүп, 38° болгон.

Биз баарыбыз бир кичи автобуста жумушка барып, келип жатканбыз. 30-мартта түнү менин дене табым 37.1°ге чыгып ошол боюнча жумушка барган эмесмин. Шейшемби күнү стационар башчысына чалып, менин дене табым 37.1° болуп жатат, тест систем барбы десем, сүйлөшүп көрөйүн деди. Ошол бойдон жооп болгон жок. Шаршемби күнү кечинде вирусологдордон сурандым, себеби акыбалым оорлошо баштады эле. Анализ алып коё аласыңарбы деп эртеси эртең менен ПЦР-анализ тапшырдым, жыйынтыгы күмөндүү болуп жатат дешти. Мен кайрадан стационар башчысына чалып, ооруканага жаткыра бергилечи десем, сиздики 37° эле экен, штаб чечет деп жаткырган жок.

Урматтуу дарыгерлер, мен 3 күндөн бери плазма алып, кислороддомун. 1987-жылдан бери дарыгер болуп иштейм, мага бүгүнкү жалган берилген маалыматтан, жалган жалаадан кутулууга жардам бериңиздер. Сураныч, бул маалыматты ким айткан болсо, анда кимдир бирөөлөр өздөрү абалдан чыгууну ойлошкон. Бүгүн эртең менен стационар башчысы чалып, онлайн болсо дагы түшүнүк кат жазып коюңузчу деди. Эч нерсе жазбайм дегем, менин ордума өздөрү жазып койгон болушу да мүмкүн. Менин акыбалым дагы деле оор, кислороддомун. Ушунча жыл медицинада иштеп, жөн жерден кур дооматка калдым. Акыбалымдын оордугунан колум титиреп, ыйлап жазып жатам", - деп билдирген дарыгер.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(13)
09.04.2020. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Политика серьёзный игра деп бекер айтпаганда .
09.04.2020. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Министрлик эмне деп жооп берет экен?
09.04.2020. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Бул министр келгенден баштап эле чалына баштадыго канча иштейт экен
09.04.2020. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Министрлик кечирим сурайт бекен эми,
Элдерди кечирим сураткандай озулору да телефонго тартып кечирим сурап элге кайрылсын, жалган маалымат таратканыбыз учун өкүнүп жатабыз десин!
09.04.2020. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Аймак аймак кылып дарыгерлерди бир маршурт менен жеткирируу,обсерваторияга 5,6кишини чогуу жаткыруу бул зоокурлук.
09.04.2020. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
Бул жакта туруп калчылдап кеттим. Эмгегин баалап койсонор болмок бийликтегилер. 87-жылдан бери иштеп, эми болбогон компенсациядан качып жалаа жапканынар акмакчылык
09.04.2020. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Emi uwul virusti sayasat kylbay ele koyboysunarby adamdsr olum menen alywyp jatsa siler jygylgamdy tepkilegendey ele bolupsunarda.
09.04.2020. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Куру дооматтан Кудай сактасын.
09.04.2020. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-17
Эртен эми куландан соомун, кулуп отуруп жазып жатам деген каты чыкпаса болду.
09.04.2020. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
е Тугандар каронавирус жок жок жок
10.04.2020. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ruslan-bel-oruk, Ирандык бир оппозиционер жана блогер сага окшоп коронавирус жок бул жалган деп эл көп топтолгон жерге барып адамдар көп кармаган темир заборду тили менен жалагылаган эле бир жумадан кийин коронавирус менен ооруп каза болгон. Этият болуңуз коронавирус жок деген ишеничти ичинизге катып өзүңүздү үй бүлөңүздү этият кылыңыз
09.04.2020. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эмнени баалап койсо болмок, азыр по адамга ооруданда куру доомат оор келип жатат, ошол нерсени сезесинерби жогорудагылар, акча бергенден качсанар куру доомат кылбай эле койбойсунарбы? Өзүңөр мыйзамды иштеп чыгып алып эми буйтап жатасыңарбы? Чоң курсактар бир байкушка гана күчүнөр жететта.
Ушинтип стресске кабылып отуруп оорлошуп өтүп кетсе кимге кыйын, силердин эч жериңер кыйшайбай ошондода. Чоң курсактар силерге наалат, ушул мед кызматкерлерине рахмат дегендин ордуна куру дооматка жыгып
09.04.2020. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Кудайым ден-соолук берсин, өзүңүздү кыйнабаныз! Мед кызматкерлеринин кызматын карапайым эл билип, баалайбыз.
Сиздерге алкыш
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: