super.kg logo
  Саясат  

Президент саламаттыкты сактоо министрин кабыл алды. Алар коронавирустун мындан ары жайылышына жол бербөө чаралары тууралуу талкуулашты

 

Бүгүн, 9-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал жана коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө чаралары талкууланды.

Мамлекет башчысы өлкөдөгү бул татаал мезгилде медицина кызматкерлеринин өзгөчө ордун белгиледи. Медиктерге жана коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө алдыңкы сапта жүргөндөрдүн баарына патриоттуулугу жана талыкпаган эмгеги үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдирди.

Президент коронавирус инфекциясын аныктоо жана ага каршы күрөшүү боюнча иштерге тартылган бардык медиктерди жеке коргоочу каражаттар менен толук камсыздоо зарылдыгын айтып, саламаттыкты сактоо системинин кызматкерлери мындан ары дагы мамлекеттин өзгөчө камкордугунда болорун белгиледи.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков жалпы республика боюнча, өзгөчө инфекция жугузуп алгандар аныкталган райондордо санитардык-эпидемиологиялык иш-чараларды күчөтүүгө көңүл бурду.

Сабиржан Абдикаримов өлкө аймагына коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берди.

Ал медициналык мекемелердин зарыл болгон дары-дармектер, жеке коргоочу каражаттар жана өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар менен жабдылышы тууралуу айтып берди.

Мындан сырткары коронавирус инфекциясын жуктуруп алган бейтаптарды ооруканага жаткыруу үчүн бир катар ооруканалардын кайра профилдештирүүгө даярдыгы жөнүндө маалымдады.

Ошондой эле Бишкек шаарында ушул жылдын 6-апрелинен тартып өзүндө илдет бар деп шектенген жарандарды аралыктан ыкчам диагностикалоо үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин 118 "тынымсыз телефон линиясы" иштеп баштагандыгын билдирди.

Мындан ары бул долбоорду өлкөнүн калган региондорунда ишке ашыруу пландаштырылып жатат.

Сабиржан Абдикаримов бүгүнкү күндө республикада жарандардан коронавирус инфекциясын аныктоого лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн тест-системдери жетиштүү көлөмдө экенин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: