super.kg logo

Кой-Таш окуясында жабыркаган Чүй ОИИББинин башчысы Самат Курманкуловдун бүгүн туулган күнү

 

Кой-Таш окуясында жабыркаган милициянын полковниги, Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Самат Курманкуловдун бүгүн, 9-апрелде 43 жашка толду.

Курманкуловду Ички иштер министрлигинин госпиталынын дарыгери ИИМдин жана кесиптештеринин атынан куттуктап, ага грамота тапшырган. Видеодо Самат Курманкулов өзү басып жана сүйлөп калганын көрүүгө болот.

Учурда анын дарылануусу Бишкек шаарында уланууда. Ал Москвадан өлкөгө 6-апрель күнү келген.

Самат Курманкулов өткөн жылдын 7-августунда Кой-Таштагы атайын операция учурунда оор жаракат алган. Жандандыруу бөлүмүнө түшкөн Курманкуловго Бишкекте эки ирет операция жасалган. Абалы жакшырбагандыктан, 12-августта дарылануусун улантуу үчүн аны Москва шаарындагы ооруканага алып кетишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(2)
09.04.2020. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ХХХХ АШАчылар каргыш сага аша бирөөнүн чырактай баласын өлтүрүп бирөөнүн чырактай баласын майып кылдың. АША нын командасын баарын камап эртерек чечим чыгаргыла.
Модератор admin_portal түзөттү 2020-04-09 17:33:02
09.04.2020. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Видеосун каяктан корсо болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: