Жогорку Кеңештин апрель айындагы чыгымдары болжол менен 7 миллион сомго аз болушу күтүлүп жатканы айтылды
Жогорку Кеңештин апрель айындагы чыгымдары болжол менен 7 миллион сомго аз болушу күтүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
"Жогорку Кеңеш апрель айында 2 миллион сом ашыкча чыгымдайт бекен деген суроолор жаралып жатат. Финансы министрлиги чыгымдардын планын жарыялаганда жалпы сумманы болжолдоп берет. Иш жүзүнө келгенде, Жогорку Кеңештин апрель айындагы чыгымдары болжол менен 7 миллион сомго аз болушу күтүлүп жатат. Себеби карантинге байланыштуу бул айда көптөгөн иш-чараларыбыз болбой калды", - деп жазды Ибрагим Нуракун уулу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
-1

