super.kg logo

"Алар тапшырган экспресс-тесттин жыйынтыгы таза чыккан жок". Таластагы блокпосттон жүк ташыган айдоочу менен жүргүнчү өткөрүлгөн жок

 

Талас районундагы Талды-Булак айылындагы блокпосттон жүк ташыган айдоочу менен жүргүнчү өткөрүлгөн жок. Бул тууралуу интернетке видео тарап, анда автор "Айдоочу менен жүргүнчү тапшырган тесттин жыйынтыгы таза чыккан жок, мындан улам алар облустун аймагына киргизилбей, артка кайтарылды" деп айтканын угууга болот.

Бул боюнча Талас райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борборунун эпидемиологу экспресс-тест деле кээде туура эмес жыйынтык чыгарып коюшу мүмкүн экенин айтты.

"Видео качан тартылганы тууралуу маалыматым жок. Бирок вируска тапшырган тесттин жыйынтыгы оң чыгып, ооруп жатат деген туура эмес. Анткени тесттин жыйынтыгы дайыма эле туура чыга бербейт, мындан улам кайрадан тест алууну талап кылат. Айрым учурда жүргүнчүнүн же айдоочунун башы ооруп, кан басымы жогорулап, жол жүргөндө кыйналышы мүмкүн. Ошондой учурда экспресс-тест таза деген жыйынтык чыгарбайт. Кээде экспресс-тест өзү жараксыз болушу мүмкүн. Мындай учурда биз алардан мазок алып, Бишкектеги лабораторияга жиберебиз. Кудайга шүгүр, бүгүнкү күнгө чейин жыйынтыктардын баары таза чыгууда.

Биз экспресс-тестти 26-марттан тарта колдонуп баштаганбыз. Бүгүнкү күндө бизде ПЦР-тесттер жетиштүү, улам толукталып, жиберилип жатат", - деди эпидемиолог.

30-марттан тарта Талас облусуна эч ким киргизилбейт жана чыгарылбай турганын өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришкен. Анда Талас районунун Талды-Булак айылына орнотулган пост жабылып, облуска сырттан бир гана Талас облусунда жашаган жарандар текшерүү иш-чараларын жүргүзгөндөн кийин киргизилери маалымдалган.

Облусту "таза" кармоо максатында блокпосттон ар бир жарандан коронавируска экспресс-тест алынып, жыйынтыгы 2 саатта аныкталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
09.04.2020. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Азаматсынар мамлекетибиз Талас облусубуздан улгу алсанар болгудай экен. Ушу бойдон таза кетсе экен эми.
09.04.2020. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жакшылап карап киргизбегиле, негизи эле. Таласка деле, башка жакка деле
09.04.2020. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер инфо,силерден сураныч. Ошол талды булактагы посттон Акча берсе откоруп атат деп Элдер ушак чыгарып атат ко. Чын тогунун билип бере аласынарбы. Алдын ала ракмат
09.04.2020. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Таластыктар кыйын экен,башка жерликтер анча-мынча пул корсотуп койсо же шептин жердешимин ж.б деп койсо откоруп жиберишмек))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: