super.kg logo
  Саясат  

Нарын. Генератор сураса бербей койсо, шаар мэри кызматкерлерин ашата сөгүптүр. Учурда "Мэр кетсин!" деген ураан менен митинг өтүүдө

"Сууканал" ишканасынын өкүлдөрү обладминистрациянын алдында
Мэрге нааразы болгон "Сууканал" ишканасынын кыматкерлери көтөргөн плакаттар

Шаар мэри Баатырбек Жээналиев чогулгандардан кечирим сурады
Шаар мэри Баатырбек Жээналиев чогулгандардан кечирим сурады

Бүгүн, 29-августта Нарын шаарында "Сууканал" ишканасынын 50дөй кызматкери “Мэр кетсин!” деген ураан менен митинг өткөрүшүүдө. Алардын айтымында, мэр Баатырбек Жээналиев 28-августта "Сууканалга" таандык генераторду берүүнү талап кылып, буга каршы болгон кызматкерлерди оозго алгыс сөздөр менен сөгүптүр. "Генератор ишканада свет жокто колдонулчу жалгыз жабдык. Аны этияттап пайдаланабыз. Эгер ал бузулуп калса, биздин бардык ишибиз токтойт. Мэр аны эмне максатта сураганы белгисиз, бирок баарыбызды баккан "атабыз" деп эсептеген шаар башчысы кызматкерлерин оозго алгыс сөздөр менен сөккөнү жеткен маданиятсыздык”,- дейт ишкананын кызматкери Төлөмүш Сарүкүев. Мэр чогулгандардан кечирим сурады.

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: