"Сыртынан дарак таза көрүнгөнү менен тамырлары чирип баштаган". Бишкек мэриясы жашоочуларды этият болууга чакырды



















"Абайлаңыздар, дарактар кулап жатат!" деп эскертет Бишкек шаардык мэриясынан жашоочуларга. Мэриянын маалыматына ылайык, кечээ түнү жааган кар, катуу шамалдан улам шаарда бир катар дарактар кулады, бактыга жараша андан жаракат алгандар жок.
"Бир топ мезгилден бери шаардын бак-дарактар фонду жаңылана элек. Сыртынан дарак таза көрүнгөнү менен басымдуу бөлүгүнүн тамырлары чирип баштаган. Буга байланыштуу дарактар түндө жааган нымдуу кар жана катуу шамалга туруштук бере албай кулап калды. Жаңы өсүп келе жаткан жаш бүчүрлөр болсо суу кардын салмагын көтөрө албай сынып калган.
Бүгүн эртең мененден тартып жашоочулардан 40 чактыдай чалуулар болуп, дарактар кулап калган көчөлөр жөнүндө маалымат беришти. Саат 17:00гө карата шаар ичинде 50 дарактын кулаганы белгилүү болду. Аларды топтоп, жыйнап кетүү үчүн "Бишкек жашыл чарба", "Тазалык", "Бишкек жарык", "Бишкек асфальт сервис" муниципалдык ишканаларынын кызматкерлеринен турган 24 мобилдүү бригада иш алып барууда", - деп жазылат маалыматта.
Анда кулаган дарактарды, карды жана шаар ичин 160 жумушчу тазалап жаткандыгы белгиленет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.