super.kg logo

"Күнөөсү далилденсе, 5 жылга чейин эркинен ажыратылат". Непалда Кыргыз өлкөсүнүн ардактуу консулу кармалды

 

Непалда Кыргыз өлкөсүнүн ардактуу консулу Сулав Агарвал кармалды. Жергиликтүү полиция кызматы аны көмүскө рынокто коронавируска карата дене табын өлчөгөн аппараттарды спекуляциялык негизде сатып жүргөн деген шек менен кармаганын Непалдын басылмалары жазууда.

Полиция аны кармоо үчүн керектөөчү катары байланышка чыккан. Ал сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин белгиленген жайга Mitsubishi үлгүсүндөгү жол тандабас менен келген. Анда Кыргыз өлкөсүнүн дипломатиялык номери болгону жазылат маалыматта.

"Полиция ардактуу консулду шейшемби күнү кармаган. Сулав Агарвал ал учурда сатып алуучу катары сүйлөшкөн полицияга 67 даана термометр менен келген. Коронавирус учурунда дене табын текшерген бул термометрлерди 15 миң рупийге сата турганын айткан. Бул баа анын чекене баасынан 3 эсе жогору.

Агарвал курулуш каражаттарын чыгарган Непалдагы эң ири "Shanker Group" компаниясынын вице-төрагасы. Ал 20 миң даана термометрди коронавирус чыккандан кийин Кытайдан буюртма менен алдырган. Аны Катмандуга өткөн аптада Гуанчжоудон "Nepal Airlines" атайын каттамы менен алып келген", - деп жазылат маалыматта.

Ага ылайык, бул боюнча учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Эгерде анын күнөөсү далилденсе, 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ал термометрлерди ички рыноктон сатып алдым деген көрсөтмө берип жатканы кошумчаланат басылмалар жарыялаган маалыматта.

Кыргыз дипломатиясынын бул өңдүү маселелерин Кылычбек Султан Түштүк Кореяда элчи кызматында жүргөнүндө айтып чыккан болчу. Элчи тышкы иштер министрлигинде бир топ коррупциялык схемалар иштеп жатканына күбө болгонун, алар тууралуу ТИМ жетекчилигине, УКМКга, президенттик аппаратка кабарлаганын, бирок жыйынтык чыкпаган соң коомчулукка айтып чыгууну чечкенин айткан. Белгилүү болгондой, мындай жарыясынан соң ТИМдеги коррупциялык схемаларды уюштуруучулар эмес, тескерисинче Кылычбек Султанга карата басым көрсөтүүлөр башталган. Бирок ал айтып чыккан маселе иш жүзүндө дале бар экендиги Кыргыз өлкөсүнүн Стамбул шаарындагы консулдугунда, Непалда орун алган окуялар далилдеп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(16)
09.04.2020. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Калптын казаны кайнабайт же уурунун жолу кууш. Кыргыз олкосу корголоп жургон кылмышкердин бетин башка мамлекет ачып жатканы биздин бийлик учун шерменде. Тил кесмей жок дечу эле бизде. Чындыкты айтып чыккан Кылычбек Султандын тилин кеспесе да демин кескиси келгендерге пазор.
09.04.2020. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бул кыргыз жараны эмес экенго
09.04.2020. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Ушулар кыргыздын Непалдагы укугун коргойт дедиңер беле, мындан көрө өзүбүздөн Сулашты алып барып койсоңөр 1 адам болсо дагы айлык акысын төлөп үй бүлөсүн бакмак экен, билимдүү жаштар жүрөт темселеп дүйнөнүн 4 бурчунда.
09.04.2020. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Э ушунун ордуна иштей турган Кыргыз жокпу?
09.04.2020. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
ХХХХ башка айта турганда сөз жок өзүбүздүн жарандар турса каяктагы бир селсаякты Улуу Кыргыз элинин атынан консул кылып..Каякты карап олтурат биздин Тышкы иштер министрибиз Чынгыз деген карабайбы ушуларды.
Модератор admin_portal түзөттү 2020-04-10 10:06:19
09.04.2020. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Тышкы иштер министирлиги таза эле шерменде болдуңар. Уят. бүт дүйнөгү дипломатия ХХХХ менен күлөт. Качан акыл берет силерге. Тартип темирдей тартип керек өлкөгө.
Модератор admin_portal түзөттү 2020-04-10 10:06:32
09.04.2020. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Боевик кинолордогу бандиттерге окшогон неме го
09.04.2020. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Биздикилер үйрөткөн го,кантип бизнес жасашты)))
09.04.2020. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ардаатуу диполомат деп турат. Мени койбопсунарда каап.
10.04.2020. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Калп дегенден башка жанылык укпай калдык, эмне десек деп ойлонуп ататко.
10.04.2020. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кыргыз эмес экен камамактан атып салгыла,ким койсо дагы акмак экен.
10.04.2020. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эмне, Консул болуп башка олконун жараны дагы иштей береби?
10.04.2020. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Непалга консулдук кызмат не кереги бар
10.04.2020. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Демек, местаны биздин чон курсак бок курсактар сатканда. Кыргыз эмес, кыргыз жараны да эмес болуш керек. Айтатко булунгондон булдургу алба деп, кайра оз чонтогун ойлогон акмак. Эл эмне болуп атат, жардам бергендин ордуна. Кыйчалышта да акча иштеп калайын дегенго, адатынча. Итак эле канча компанияны жетектейт экен, тойбоптурда. Назары ач.
10.04.2020. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир мынча акча коротуп Непалга неге консул койдуңар?!
10.04.2020. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Непал да консул неге кыргыз улутунан эмес.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: