super.kg logo

Дистанциялык окуу боюнча ыкчам байланыш номери өзгөртүлдү

 

Дистанциялык окуу боюнча ыкчам байланыш номери өзгөртүлдү. Мурунку номерди алмаштыруу техникалык себептерге байланыштуу болгонун министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билим берүү жана илим министрлиги дистанциялык окутуу боюнча жаралган суроолор үчүн 8569 ыкчам байланыш номерин ишке киргизди. Мындан сырткары төмөндөгү номерлерге да чалса болот:

0550-512-075;

0550-801-026;

0550-368-784;

0550-513-385;

0557-442-355.

Министрлик тарабынан даярдалган видеосабактар "Баластан" (1-4-класстын окуучулары жана бала бакчалардын бүтүрүүчү тайпалары үчүн), "Илим Билим" ЭлТР (5-11-кластын окуучулары үчүн) жана "Санат", "Пирамида", "5-каналдарынан" эфирге бериле баштады.

Ушул эле видеосабактар, окуу материалдары, электрондук китептер, теледен кетчү сабактардын жадыбалы, кошумча адабияттар, тесттер министрлик тарабынан түзүлгөн oku.edu.gov.kg порталына жана "МЕГА 24" тиркемесине жайгаштырылган.

Маалым болгондой, кечээ, 8-апрелден баштап мектепке даярдоо жана 1-11-класстар үчүн дистанциялык окутуу башталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: