Өзбекстан коронавирусту аныктаган тест-системдерди чыгара баштайт
Өзбек басылмалары жазгандай, аталган өлкө коронавирусту аныктаган тест-системдерди ушул жылдын май айынын аягына чейин чыгарууну пландап жатат. Ага ылайык, өндүрүштү каттаткандан кийин биринчи партиясында 50 миң топтом тест-системин чыгаруу мерчемделген.
Анын анализдик системин Өзбекстандын Инновация министрлигинин алдындагы Алдыңкы технология борборунун окумуштуулары иштеп чыгышкан.
"Азыркы учурда тест-системдер вирусология илим-изилдөө институтуна берилген. Ал жерден текшерүүдөн, сындан өтөт", - деп жазылат маалыматта.
9-апрелге карата Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 555 адам болду. Анын ичинен 30 бейтап айыгып, үчөө каза болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:59
2025-06-27
23:28
2025-06-26
Рейтинг:
3

Озбекстан тест-системдерди чыгара баштады.
Кыргызстандын президенттери,окмот башчы,спикер,Жогорку Кенеш,министрлер,Академик-профессорлор журушот,айлыкты алып жыргап.
Арасында мекен учун куйгондору бар.Бирок алардын арты таза эмеспи,оюн ачык айта албай журушот.
Партиялык шайлоону жокко чыгарып,быйыл 1 мандаттуу шайлоого барышыбыз керек.Эгерде мамлекетти ойлосок,салымыбызды ушул жерден берели!